Анонстор

13 June 2017
FINCA Банк эки каржы форумун колдоду
Бишкек шаарындагы «Орион» мейманканасында 2-июнда Бизнес-жолугушуу болуп өттү. FINCA Банк Кыргыз Республикасынын Соода – өнөр-жай палатасы тарабынан уюштурулган бул иш чаранын башкы демөөрчүсү болду. Башкармалыктын Төрайымынын орун басары Кай Ильм Банктын продуктулары жана кызматтары жөнүндө бетачарды сунуштап, банктын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Бизнес-жолугушууну өткөрүүнү колдогондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Соода – өнөр-жай палатасынын Президенти FINCA Банкка […]
22 May 2017
Компаньон Банкы кардарларды коргоо негиздерин сактагандыгы үчүн Smart Campaign эл аралык тастыктамасын алды.
Тейлөөнүн эң   жогорку стандарттарына умтулуу менен, Компаньон Банкы финансылык тармакта эл аралык деңгээлде кабыл алынган социалдык-жоопкерчиликтүү насыялоо эрежелерин сактайт. 2017 жылдын апрель айында Компаньон Банкы MicroFinanza Rating рейтинг агенттигинин көз карандысыз тактыкташтыруусун ийгиликтүү өттү. Бул дагы бир жолу Компаньон Банкынын Smart Campaign дүйнө жүзүндө пропагандалаган кардарларды коргоо негиздерин сактаганын ырастайт. «Компаньон Банкы Кыргызстандын калкына сапаттуу […]
02 May 2017
Компаньон Банкы Бишкектин борборунда жаңы филиал ачты
Компаньон Банкы Бишкек шаарында Борбордук филиалдын ачылышы жөнүндө билдирет. Филиал жеке кардарлар жана юридикалык жактар менен иштейт жана аларга банктык кызматтардын көптөгөн  түрлөрүн сунуштайт: эсептик-кассалык тейлөө, валюта алмаштыруу операциялары, акча которуулары, аманаттар, төлөм карталары. «Биз өзүбүздүн филиалдык тармагыбызды кеңейтүүнү улантып, борбордогу кардарларыбызга дагы жакыныраак жана ыңгайлуураак болуп калдык. Шаардын борборунда жаңы кеңсе ачуу менен, биз […]
14 April 2017
Компаньон Банкы окуучулардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чара өткөрдү
Кыргызстанда  Бүткүл Дүйнөлүк Акча Аптасы болуп өттү (Global Money Week). Бул иш-чаранын чегинде Компаньон Банкы интеллектуалдык квест-оюндун спонсору болду, жана Кыргызстандын беш регионунда окуучулар үчүн үйрөтүүчү иш-чараларды өткөрдү. 3 апрелден 10 апрелге чейин Банктын кызматкерлери Бишкектин, Оштун, Караколдун, Исфананын, Ноокендин жана Токтогулдун окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча ачык эшик күндөрүн жана сабактарды өткөрүштү. Жалпы Банктын […]
09 February 2017
“Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу” сынагы
Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу алдында жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду менен биргеликте 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелге чейинки мезгил аралыгында өтө турган Дүйнөлүк акча апталыгына (Global money week) катышат. Апталыктын негизги максаты – финансылык сабаттуулуктун, ийгиликтүү келечек үчүн үй-бүлөнү, мектепти, муниципалитетти жана өлкөнү […]
09 February 2017
“Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла” сүрөттөр улуттук сынагы
Сынак 2017-жылдын 1-февралынан 10-мартына чейин өтөт.  Сүрөттөр сынагы Дүйнөлүк акча жумалыгы иш-чарасынын алкагында өткөрүлөт. Бул жыл сайын өтүүчү эл аралык иш-чаралар топтомунун негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн жаштардын финансылык сабаттуулугуна буруу. 2017-жылы Дүйнөлүк акча жумалыгы 27-марттан 2-апрелге чейин өтөт. Быйылкы жумалыктын темасы – “Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла”. Сынактын уюштуруучусу – Кыргыз Республикасынын Улуттук […]
03 February 2017
Мамлекеттик Ипотекалык Компания жана Бакай Банкы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту
2017-жылдын 2-февралында  “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционеридик коому (МИК) Башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович, “Бакай Банкы” ачык акционердик коомунун (Бакай Банкы)  Башкармасынын төрагасы  Уманкулов Аалы Болотович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын (мындан ары Программа) жүзөгө ашыруунун чегинде кызматташуу тууралуу Генералдык келишимге кол коюшту. Бактыбек Шамкеев бул иш-чаранын олуттуулугун, өнөктөш банктардын катарынын өсүшү Программанын […]
27 January 2017
Компаньон Банкынын пайдалуу насыялоо шарттары
Компаньон Банкы АКШ долларындагы бизнес-кредиттери акциясынын мөөнөтүн узартты. 2017 жылдын февраль айынын аягына чейин ишкерлердин жүгүртүү каражаттарын толуктоо жана өндүрүш активдерине инвестиция кылуу үчүн жеңилдетилген пайыз чени боюнча – жылдык 12% менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар. Белгилей кетчү нерсе, бул пайыздык чен боюнча насыя алуу үчүн насыянын минималдуу суммасы 10 миң АКШ доллар болушу керек. […]
30 December 2016
FINCA Банктан балдар үчүн Жаңы жылдык майрам
FINCA Банктын бардык филиалдарында 2016-жылдын 17-декабрынан 30-декабрына чейин жаңы жылдык балаты оюндары болуп өттү. Өлкөнүн бардык аймагындагы FINCA Банктын кардарларынын 5 жаштан 10 жашка чейинки 1100дөн ашык баласы Аяз ата, Аяз кыз, клоундар жана фокусчулар менен Жаңы жылдык балаты оюндарына катышты. Банктын Башкы жана 24 филиалынын кеңсесинде атайын кичинекей меймандар үчүн оюн-зоок программалар уюштурулган. Анда […]
30 December 2016
«Бай Түшүм» Банкы уставдык капиталын 790 млн.сомго чейин көбөйттү
«Бай Түшүм» Банкынын акционерлеринин 2016-жылдын 14-октябрында өткөн кезексиз жалпы чогулушунда  банктын финансылык туруктуулугун бекемдөө максатында уставдык капиталды 75 млн. сомго көбөйтүү боюнча чечим кабыл алынган. Каттоо боюнча зарыл болгон бардык  иштер бүткөрүлгөн бүгүнкү күндө «Бай Түшүм» Банкынын уставдык капиталынын өлчөмү 790 млн. сомду түздү. Ошентип, банктын көбөйтүлгөн уставдык капиталынын суммасы, 2015-жылдын 11-мартындагы Токтомго ылайык,  иштеп […]
28 December 2016
FINCA Банктын Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясы
FINCA Банктын кызматкерлери «Help the Children-SKD» Кайрымдуулук фонду менен биргеликте Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы балдардын гематология бөлүмүндө кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Кан оорусуна жабыркаган балдарга оорукананын ичинде белек катары жаңы жылдык жомок тартууланды. Каалоолор жазылган эксклюзивдүү бокалдар, мөмө-жемиштер, көңүл көтөрүүчү куттуктоолор жана каалоолор, сыйкырдуу оюндарды көрсөткөн дарыгер-клоундар, Аяз ата жана Аяз кыз… Ал эми […]
28 December 2016
Келе жаткан Жаңы 2017-жылыңыздар менен чың жүрөктөн куттуктайбыз!
Урматтуу кесиптештер жана достор! Келе жаткан Жаңы 2017-жылыңыздар менен чың жүрөктөн куттуктайбыз! Жаңы 2017-жылы Элибиз үчүн тынчтыктын, силер үчүн бакыт-таалайдын, зор жетишкендиктердин жылы болсун жана баардык ой-максаттарыңыз ишке ашсын. Жаңы жыл силерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана ачылыштарды алып келсин! Терең урматтоо менен, Кыргызстан банктарынын союзу
28 December 2016
БТА Банк – Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусунун мыкты өнөктөшү
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча “БТА Банк” ЖАК чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн натыйжалуу жана сапаттуу тейлегендиги үчүн Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусунун мыкты банк-өнөктөшү деп табылды. 2016-жылдын 25-майынан тарта БТА Банк чакан жана орто бизнести каржылоого кредиттик тилкени берүү боюнча Фондунун расмий өнөктөшү болуп саналат. Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусу аркылуу жеке ишкерлер бизнести кеңейтүү жана негизги каражаттарды модернизациялоо үчүн […]
13 December 2016
FINCA Банк “Бишкек инвестициялык форумуна 2016” демөөрчүлүк көрсөттү
Жакынкы күндөрдө Бишкекте көп сандаган катышуучуларды жана Кыргызстандын расмий бийлигинин өкүлдөрүн жыйнаган, бул жылдын абдан маанилүү окуясы “Бишкек инвестициялык форуму 2016” болуп өттү. Форумга Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты. Бизнес тармагынын өкүлдөрү дүйнөдөгү жана аймактагы экономикалык тренддерди, ошондой эле кызматташтыктын жаңы векторлорун талкууга алышты. FINCA Банк учурдагы экономикалык тренддерди түшүнүүгө умтулат жана […]
09 December 2016
Банктын кардарлары КРнын экономика Министрлигинин ардактуу грамоталарына татыктуу болушту
Бүгүн Бишкекте КРнын экономика Министрлиги жана  Азия Өнүкгүрүү Банкы өткөрүшкөн «Аялдар ишкерчилигиндеги бизнес чөйрөсүн жакшыртуу» конференциясынын жүрүшүндө Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев жана Азия өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн Өлкөлүк директору Кендис Мак-Дейган КРнын экономика Министрлигинин Ардак грамоталары менен «Бай Түшүм» банкынын кардарларын сыйлады. Аялдар ишкерчилиги долбоорун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыктары үчүн Каракол шаарынан Айнагүл Жамгырчиева […]
07 December 2016
FINCA Банк Базар-Коргондогу “Үй-бүлөлүк медицина борборуна” жардам көрсөттү
FINCA Банк корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында медициналык мекемеге жардам көрсөтүү менен дагы бир долбоорун ишке ашырды. FINCA Банктын Базар-Коргондогу филиалы “Үй-бүлөлүк медицина борборуна” оңдоо иштерин жүргүзүү демилгесин көтөрүп, аны иш жүзүнө ашырды. Базар-Коргондогу “Үй-бүлөлүк медицина борборунун” кызматкерлеринин алдында көп убактан бери таза суу менен камсыздоо көйгөйү турган. Медициналык мекеменин кызматкерлери өз күчтөрү менен таза сууну […]
07 December 2016
Компаньон Банкы дзюдо боюнча Эл аралык турнирине колдоо көрсөттү
3 жана 4 декабрда Компаньон Банкынын колдоосу менен Бишкекте жаштардын арасында «Хан Манас» дзюдо боюнча VII эл аралык турнири өткөрүлдү. Быйыл бул мелдешке Казахстан, Туркменистан, Өзбекстан, Иран, Россия жана Кыргызстандан 400 дөн көп жаш спортчулар келишти. «Биз бул спорт иш чарасын жетинчи жыл катары менен колдоп жаткандыгыбыз үчүн кубанычтабыз. Бул иш чара чың ден соолукта […]
24 November 2016
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктар арасында стратегиялык менеджмент боюнча бизнес оюн болуп өттү
2016-жылдын 15-18 ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктар арасында стратегиялык менеджмент боюнча бизнес оюн болуп өттү. Бизнес оюнду өткөрүүнүн уюштуруучусу Улуттук банк жана эл аралык кызматташтык боюнча Германия сактык кассаларынын фонду болушту. Бизнес оюнда «БТА Банк» ЖАК, «БАКАЙ БАНК» ААК, «Дос-Кредобанк» ААК, «Банк Компаньон»ЖАК өкүлдөрү катышышты. Ар бир командадан жогорку жана орто звенодогу жетекчилерден […]
22 November 2016
Компаньон “Үнөмдөө жумасы” долбоорунун жыйынтыгын чыгарып жатат
Октябрь айы боюнча, ошондой эле ноябрдын биринчи жарымында  Кыргызстан боюнча Компаньон Банкынын 100 дөн көп бөлүмдөрүндө 9-11 класс окуучулары үчүн ачык эшик Күндөрү өттү. Компаньондун кызматкерлери жаштарга үнөмдөөнүн жана чөнтөк чыгашаларын туура пландоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Мектеп окуучулары менен маек интерактивдүү түрдө өткөрүлдү: балдар депозиттер боюнча кирешени өз алдынча эсептешти, ар кайсы өлкөлөрдүн валюталары […]
21 November 2016
Улуттук банк “2016-2020 жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасын ишке ашыруу кадамдары, учурдагы абалы» темасында тегерек стол өткөрдү
2016-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын демилгеси менен “2016-2020жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасын ишке ашыруу кадамдары, учурдагы абалы» темасындагы тегерек стол өттү. 2016-2020жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасы жана анын биринчи бөлүгүн ишке ашыруу Планы 2016-жылдын 15-июнунда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн № 319 токтому менен кабыл алынган.  Тегерек […]
15 November 2016
FINCA Банк “Коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн” сыйлыгына ээ болду
Жакын арада Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн ар бир жылда ишке ашырылуучу жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуунун алкагында жетишкен ийгиликтери жана жасаган эмгектери үчүн жети номинация боюнча: “Инновация жана технологияда жетишкен ийгиликтери үчүн”, “Жылдын мыктысы”, “Коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн”, “Жылдын өнөктөшү”, “Жылдын жетекчиси”, “Жылдын ишкери”, “Мыкты иш берүүчү”  сыйлыктарын тапшыруу салтанаты […]
09 November 2016
Компаньон Банкы– эл аралык «Хан Манас» турниринин туруктуу өнөктөшү
8 жетинин айы 2016 Компаньон Банкы жетинчи жыл катары менен жаштар арасындагы дзюдо боюнча «Хан Манас» эл аралык турнирин колдоп келе жатат. Турнир 2010 жылдан бери кошуна өлкөлөрдүн командаларынын катышуусу менен өткөрүлөт жана бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы эң маанилүү спорт иш чараларынын бири болуп саналат. Турнирдин негизги идеясы – бул жаш муундарга идеялогиялык тарбия берүү […]
04 November 2016
Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү белгиленди
FINCA Банк КР Улуттук Банкынын жана Германия эл аралык кызматташуусу боюнча аманат кассалар фондунун Кыргызстандагы аманаттар маданиятын жогорулатууга багытталган демилгесин колдоду. FINCA Банктын адистери октябрь айында өлкөнүн бардык аймагында жетилген курактагылар жана чоң класстар үчүн аманаттар боюнча тренингдерди өткөрдү. Борбордук окуя катары FINCA Банктын бардык филиалдарында 24-октябрдан 31-октябрга чейин өткөн Аманаттар күнүн айтсак болот.
06 October 2016
Компаньон Банкы ОКӨФ менен бирге бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат
«Компаньон Банкы» ЖАК жана Орус-Кыргыз Өнүгүү Фонду чакан жана орто бизнести каржылоо үчүн кредит линиясын камсыздоо тууралуу келишимге кол коюшту. 2016 жылдын 4 октябрында расмий кол коюлду. Бул кызматташтыктын чегинде ишкерлердин өнөр жайга (анын ичинен тигүү, текстиль, тоо кен, металлургия тармактарына), туризм транспорту жана инфраструктурасына, медицинага, соода жана билим берүү тармагына узак мөөнөттүү өндүрүш инвестициялары […]
04 October 2016
FINCA Банк башкы кеңсесинин Операциялык бөлүмүнүн расмий ачылышы
FINCA Банк өзүнүн мааракелик жылын жагымдуу жаңылыктар менен улантат. Ошентип, 27-сентябрда Башкы кеңсенин Операциялык башкармалыктын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш чарага банктын өнөктөштөрү жана кардарлары, ошондой эле FINCA Банк менен кызматташууга кызыккан компаниялардын өкүлдөрү катышты.
30 September 2016
«БТА Банк» ЖАК алгачкы депозиттик аукциондо жеңишке жетишти
Кайтарым каражаттарды жайгаштыруу боюнча алгачкы ачык аукциондо Кыргыз Республикасынын Финансы  министрлиги БТА Банк ЖАКка эң жакшы шарттар үчүн 106,8 млн. сом суммасында жайгаштыруу укугун берди. БТА Банк өз кезегинде бөлүнүп берилген транштардын суммасын дээрлик эки эсе көбөйтүү менен өз каражаттары менен биргелешип каржылоого милдеттенди.
29 September 2016
Айыл Банктын 20-жылдык мааракесине арналган Спартакиада
2016-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарында, Банктын 20-жылдык мааракесине арналган, Айыл Банктын кызматкерлеринин Спартакиадасы болуп өттү. “Сан Сити” спорт комплексинин аймагында өткөн мааракелик мелдешке бүткүл Кыргызстандан келген Айыл Банктын 9 командасы, анын ичинде ар бир облустан келген команда жана Банктын Башкы кеңсесинен эки команда катышты. Катышуучулардын жалпы саны 150 адам болду. Спорт жана дене тарбия – Айыл […]
21 September 2016
Компаньон Банкы 11-алма фестивалына чакырат
20 аяк оона 2016 «Компаньон Банкы» ЖАК 2016-жылдын 24 сентябрында Баткен областынын Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында жыл сайын өтүүчү 11-Алма  фестивалын өткөрөт.  Фестивалга Кыргызстандын  фермерлери жана Франциялык багбандар катышышат. Алар алма өстүрүү жана алманы кайра иштетүү боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүшүөт.
15 August 2016
«Компаньон Инвест» КР УБ банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине шайкештиги жөнүндө күбөлүк алды 
«Компаньон Инвест» микрокаржылоо компаниясы Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине шайкештиги жөнүндө күбөлүк алды (№352-4/534, 22-июль  2016-жыл). 2011-жылы түзүлгөн Компаньон Инвест «Компаньон Банкы» ЖАК нун туунду компаниясы болуп эсептелет. Бул компания насыялоодо карыз пайызы жок Шариат мыйзамдарына ылайык иш жүргүзөт. Пайда жана зыянды кардар жана финансылык уюм тең бөлүшөт. Ал эми […]
29 June 2016
Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду “Лизингдик операцияларды каржылоо” жаңы продуктусун сунуш кылат
РКӨФ республиканын кичи жана орто бизнес (КОБ) өкүлдөрүн колдоого багытталган “Лизингдик операцияларды каржылоо” жаңы продуктусун сунуш кылат. Ишкерлер үчүн бул айыл чарба техникасын, өнөр жай жана башка жабдууларын ыңгайлуу шартта лизингге алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле бул продукт ЕАЭБдин рыногуна ата мекендик ишканалардын натыйжалуу катышуусуна өбөлгө түзөт. Каражаттарды РКӨФнун коммерциялык өнөктөш банктарынан алууга болот. Максаттуу […]
25 June 2016
«American Express Limited» компаниясы эл аралык төлөм системанын реестринде катталды
Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарды колдонуу боюнча кызматтарды сунуштоо үчүн «American Express Limited» компаниясы эл аралык төлөм системанын реестринде катталды.  Бүгүнкү күнгө карата бул Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкында катталган банктык төлөм карттарды колдонуу боюнча кызматтарды сунуштаган 4-чу эл аралык төлөм системасы. Андан мурун, төмөнкү эл аралык төлөм системалар каттоодон өтүштү: «MasterCard Incorporated», «Union Pay […]
27 May 2016
Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду чакан жана орто бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда
Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду чакан жана орто бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда. Учурда “РСК”, “Айыл банк” жана “КIСB” банктары аркылуу фонддун акчасын ишкерлер төмөн пайыздык үстөк менен алып жатат. Эскерте кетсек, чакан жана орто бизнести жолго салуу боюнча өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында дагы жазылган.   https://www.youtube.com/watch?v=8ZIdWcyTgaQ
30 April 2016
Кыргызстанда FINCAнын 20 жылдыгы
Быйыл Кыргызстанда FINCA өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Чейрек кылымдан аз убакыт ичинде микрофинансылык уюмдан ири коммерциялык банкка чейин өсүп, өлкөнүн бардык аймактарында кеңири каржылык кызматтарды көрсөтө алган филиалдар тармагын түзө алды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда FINCA Банктын 72 кызмат көрсөтүүчү түйүндөрү бар. 115 миңден ашык кардар FINCA Банкты өзүнүн каржылык өнөктөшү катары тандап алышкан. […]
16 March 2016
Сомдун жарык жүздөрү
Акыл ашып, ыргак толгон алтын баш, Адам болгон ар-намысты алдырбас. Көчүн баштап келет сомдун татыктуу Композитор Малдыбаев Абдылас. Эмне кымбат өз тарыхың билүүдөн, Эмне артык мекениңди сүйүүдөн?! Бүбүсара бийчи менен дүйнөдө Бир улутта экениме сүйүнөм!
05 March 2016
Урматтуу айымдар! Аялдардын эл аралык 8-март күнү майрамыңыздар менен чын дилден сизди куттуктайбыз! Сизге чың ден-соолук, зор бакыт-таалай, жаркын маанай каалайбыз жана ойлогон ой-максатыңыздардын ишке ашышына тилектештигимди билдиребиз! Ар күнүңөр күлкүгө, сүйүнүчкө жана сүйүүгө толсун! Урматоо менен, Кыргызстан банктарынын союзу Уважаемые дамы! Поздравляем Вас с одним из самых добрых и прекрасных праздников – 8 Марта! […]
16 February 2016
«Бай Түшүм» Банкы жашылча жана жемиштерди кайрадан иштетүү боюнча кошумча нарк тизмегин финансылоо маселелерине арналган тегерек үстөл маектешүүсүн өткөрдү
10-февралда «Бай-Түшүм» банкынын башкы офисинде «Кошумча нарк тизмегинин операторлорун финансылоо: Фермерлер-Кайрадан иштетүүчүлөр-Соода компаниясы-Дүкөн» темасына арналган тегерек үстөл маектешүүсү болуп өттү. Бул маектешүүгө кайрадан иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү, «Вкус солнца» соода үйүнүн, «Фрунзе», «У дома» соода тармактарынын жана эл аралык «АВЕП», Хелветас коомдук фонддорунун, «TES Centre» жана USAIDдин Агрогоризонт коомдук фонддорунун өкүлдөрү катышышты.
11 February 2016
Мамлекеттик ипотека насыялары кантип жана кандай шарттар менен берилет?
“Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программанын алкагында ипотека насыялардын берилиши төрт кадамдан турат. Мындай маалыматты Мамлекеттик Ипотека Компаниясы берип жатат. Биринчи этапта жарандар, Өкмөттүн токтому менен бекитилген тандоонун критерийлери боюнча жашоо шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын тизмесине кирүү үчүн, жашаган жериндеги жергиликтүү мамлекеттик акимдикке кайрылышы керек. Квотаны мындан ары аймактар боюнча  бөлүштүрүү үчүн, түзүлгөн тизме Мекемелер […]
10 February 2016
Улуттук банктын төрагасы Түрк Республикасына болгон жумушчу иш сапары
2016-жылдын 30-январынан 1-февралына чейин созулган иш сапарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Анкара шаарындагы Борбордук банктын башкы кеңсесинде болду. Анын жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов Түрк Республикасынын борбордук банкынын төрагасы Ердем Башчи менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнөтийиштүү бир катар экономикалык жана финансылык маселелерди талкууга алды.
01 February 2016
Айыл Банк менен РСК Банкта ипотекалык насыялоо башталат
2016-жылдын 1-февралында Айыл Банк, РСК Банк жана “Мамлекеттик Ипотека Компаниясынын” ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге расмий кол коюу болуп өттү. Ушул макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруу максатында түзүлдү.
01 February 2016
Турак жайды сатып алууга берилген кредиттер конвертацияланууда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, коммерциялык банктардан АКШ долларында республикааймагынан турак жай сатып алуу үчүн кредиттерди алган жана улуттук валютанын өзгөрүлмөлүүлүгүнө байланыштуу оор жагдайга туш болгон жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, атайы тескеме чыгарды.   Мамлекеттик колдоо, турак жай сатып алуу үчүн АКШ долларында кредит (ипотека) алган жарандардын кредиттеринин негизги суммасы боюнча карыздарын Улуттук банктын 2015-жылдын […]
22 January 2016
Айыл Банк Ош шаарында жаңы филиалды ачып, байгелерди тапшырды
100% мамлекеттик банк болуп саналган Айыл Банк, олуттуу долбоорлордун каржылоосунун алкагында,социалдык мамлекеттик долбоорлорду өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу, анын ичинде чакан жана орто бизнести каржылоо максатында, ошондой эле калкты сапаттуу банктык кызматтары менен камсыздоо максатында, Ош шаарында жаңы филиалды ачты.
12 January 2016
Банк тутуму жетиштүү көлөмдөгү АКШ долларына ээ
Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторуна туруктуу мониторинг жүргүзүп туруу менен зарылчылык келип чыккан шартта интервенцияларды ишке ашырат. Учурда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап (муктаждык) накталай түрдө сыяктуу эле, нак эмес түрдө да канааттандырылууда.  Бүгүн, 2016-жылдын 11-январында Улуттук банк валюта рыногунда туруктуулукту колдоп туруу максатында, накталай жана нак эмес түрдөчектөөсүз чет өлкө валютасын […]