FINCA Банк “Бишкек инвестициялык форумуна 2016” демөөрчүлүк көрсөттү

finca2016

Жакынкы күндөрдө Бишкекте көп сандаган катышуучуларды жана Кыргызстандын расмий бийлигинин өкүлдөрүн жыйнаган, бул жылдын абдан маанилүү окуясы “Бишкек инвестициялык форуму 2016” болуп өттү.

Форумга Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты. Бизнес тармагынын өкүлдөрү дүйнөдөгү жана аймактагы экономикалык тренддерди, ошондой эле кызматташтыктын жаңы векторлорун талкууга алышты.

FINCA Банк учурдагы экономикалык тренддерди түшүнүүгө умтулат жана Кыргызстандагы ишкердикдин өнүгүүсүнө үзгүлтүксүз өз салымын кошуп келет.

Чет өлкөлүк инвесторлорго, жергиликтүү инвестициялык институттарга жана Кыргызстандагы ири бизнес жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүнө 14 бизнес-долбоор көрсөтүлдү. Долбоорлор жергиликтүү ишкерлерден түшкөн 250 арыздын ичинен тандалган. Форумда байланыштар түзүлдү жана 200дөн ашык инвесторлордун жана ишкерлердин кызыгуусу көрсөтүлдү.

Ишкерлерге колдоо көрсөтүү Банктын негизги багыттарынын бири экенин белгилей кетүү керек. Колдоо Банк тарабынан түрдүү кредиттик программалар боюнча көрсөтүлүп келет. Кредиттер мал чарбачылыгына, айыл чарбачылыгына, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайларына ж.б. тармактарга жумшалат.

www.FINCA.kg

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.