– KICB: Пайыздык кирешени төлөө жана бешинчи эмиссиядагы пайыздык облигациялардын ордун жабуу тууралуу жарыялайт

«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банк» ЖАК Пайыздык кирешени төлөө жана бешинчи эмиссиядагы пайыздык облигациялардын ордун жабуу тууралуу жарыялайт

  • Ордун жабуу негизи – облигациялардын ордун жабуу күнү 2020-жылдын 08-декабрь айы;
  • Баалуу кагаздардын түрү, категориясы жана формасы – эркин жүгүртүүдөгү жеке белгилери көрсөтүлгөн документ телбеген камсыздалбаган облигациялар;
  • Чыгарылыштын мамлекеттик каттоо номери – KG0205166919;
  • Жайгаштыруу баасы (номиналдык наркы) – 1 000 сом;
  • Общее количество выпущенных облигаций – 200 000 экз.;
  • Бир облигациядан кирешен өлчөмү– жылдык 12%. Төлөө формасы – акча каражаттар.

Облигациялардын ордун жабуу алардын номиналдык наркы (1 000 сом) боюнча ишке ашырылат. Акыркы мезгил үчүн пайыздык киреше алуу жана облигациялардын ордун жабуу укугуна ээ облигация ээлеринин тизмеси 2020-жылдын 2-декабрында аныкталат. Пайыздарды төлөө жана облигациялардын ордун жабуу 2020-жылдын 08-декабрь айынан тартып KICBнин Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 21 дареги боюнча жайгашкан башкы кеңсесинде жүзөгө ашырылат. Сурап-билүү маалыматын  62-01-01 телефонуна чалып же www.kicb.net сайтынан билүүгө болот.

Облигациялардын экинчи чыгарылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан 2017-жылдын 28-ноябрында (KG 0205166919) катталган.

– Карта ээлери үчүн маалымат. Сак болуңуздар!

Сак болуңуздар! Интернет тармагында жана социалдык тармактарда банктык карталарын колдонуу аркылуу алдамчылыктын бир түрү күч алууда, колдонуучуларга ар түрдү сурамжылоолорго же сыйлык ыйгарылуусун  кепилдик берген утуштарга катышууну сунуш кылып жатышат. Сурамжылоого катышуу үчүн картанын берилмелери  киргизүү жана комиссияны төлөө зарыл. Банк  тааныш эмес сайттарда карталык операцияларды өткөрүүдөн баш тартууну жана төлөм жүргүзүлүүчү ресурстарды кылдаттык менен изилдөөнү сунуштайт.

Ошондой эле Банк товарлар жана кызматтар үчүн онлайн төлөм өткөрүүдө төмөнкү коопсуздук чараларын сактоону сунуштайт:

– төлөмдөрдү белгилүү дүкөндөрдүн сайттарынан же текшерилген интернет-ресурстарынан өткөрүү;

– адатта төлөм жүргүзүлө турган операцияларын санына / суммасына чектөө коюу;

– интернет-банкинг жана смс-кабарлоону туташтыруу;

– төлөм жүргүзүлүп жаткан түзмөктөрдө антивирустук программалардын өз убагында жаңыртылышын көзөмөлдөө;

– банктык картанын берилмелерин үчүнчү жактарга бербөө;

– белгисиз адамдардын суроо-талабына жооп катары каражаттарды которбоңуз жана чегербеңиз.

Банктык карталарды колдонууда коопсуздук чараларын сактоо, картадагы акча каражаттардын сакталышын камсыз кылат!

 

https://kicb.net/about/news/1357/

– Халык Банк Кыргызстан медиктерге финансылык жардам көрсөттү

“Халык Банк Кыргызстан” ААК биздин өлкөнүн ар кайсы аймактарында иштеп жаткан эки жүздөн ашык медиктерге финансылык жардам көрсөттү. Акчалар коронавирус менен күрөшүү үчүналар ишке тартылган медициналык кызматкерлердин карточкаларына түз которулду.

Биз коронавирус инфекциясы менен алар бетме-бет күрөшүү менен иш жүргүзүп жаткан дарыгерлерге, медайымдарга, санитарларга, лаборанттарга жана бардык медициналык персоналга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Көпчүлүк учурда кыргызстандыктардын саламаттыгын жана өмүрүн күнү-түнү сактоо менен аларүй-бүлөсү менен бирге болуп, сүйлөшүүгөда мүмкүнчүлүгү жок болгон учурлар көп.

 


БАНК ТУУРАЛУУ:

  • “Халык Банк Кыргызстан” ААК2019-жылы ал өзүнүн 96-жылдыгын белгилеген«Казахстан Эл Банкы» АКнын туунду компаниясы болуп саналат.
  • “Халык Банк Кыргызстан” ААККыргызстандын финансылык рыногунда 15жылдан ашык убакыттан бери өзүнүнишмердигин ийгиликтүү жүргүзүп келе жатат.
  • Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча“Халык Банк Кыргызстан” ААКнын 19 бөлүмү бар: Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Кара-Балтада, Чолпон-Атада, Караколдо, Өзгөндө жанаНоокатта.
  • «Халык Банк Кыргызстан»универсалдуу банктынстатусуна ээ жана №044банктыклицензиясынын негизинде өзүнүнишмердигин жүргүзөт.

– «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын филиалынын Каракол шаарында ачылышы

Каракол шаарында 6-февралда «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын филиалы расмий түрдө ачылды! Жаңы филиал «Халык» тобунун бардык талаптарына, тактап айтканда, бөлүмдөрдүн жабдылышы,  дизайны жана жасалгасы жагынан бардык талаптарга жооп берет.

Биз Каракол шаарынын тургундарына, жеке жактар үчүн, ошондой эле юридикалык жактар үчүн да:

  • кредиттер;
  • депозиттер:
  • акча которуулар;
  • эсептешүү-кассалык тейлөө;
  • төлөм карталарын (VISA, Элкарт) чыгаруу;
  • жеке компаниялар жана мамлекеттик мекемелер үчүн эмгек акы долбоорлору

сыяктуу банктык кызматтардын бардык түрүн көрсөтүп жаткандыгыбызга абдан кубанычтабыз.

Филиалдын расмий ачылышында Банктын жетекчилигинен тышкары, ушул кубанычтуу окуяны биз менен бирге бөлүшүү үчүн атайын келишкен биздин кардарлар жана өнөктөштөр да катышышты. Майрамдык салтанаттуу кызыл лентаны «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасы  Айкын Темиртасович Кабулов жана филиалдын директору Альбина Асанова бирге кесишти.

Альбина Асанова: «Бүгүнкү биздин филиалдын ачылышына катышкандардын бардыгынын жакшы каалоо-тилектери жана жылуу сөздөрү үчүн аларга ыраазычылымды билдирем! Биздин аймактын тургундарына, биздин кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана банктык секторду өнүктүрүү үчүн биз бардык күчүбүздү жумшайбыз»,- деп белгилөө менен сөзүн аяктады.

Бардыгыңыздарды Каракол шаары, Токтогул көчөсү, н/ж (болжолдуу багыт, «Триада-ДМ» СБ имараты) дареги боюнча күтөбүз. Телефон: +996 (3922) 5-51-41.

Иштөө режими: бир жумада беш күн, саат 9:00 дөн 17:30 чейин, тыныгуу 13:00 дөн 14:00 чейин. Дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби.

 

БАНК ТУУРАЛУУ:

  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК, 2018-жылы өзүнүн 95-жылдыгын белгилеген «Казахстан Эл Банкы» АКнын туунду компаниясы болуп саналат.
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК өзүнүн ишмердигин Кыргызстандын финансылык рыногунда 14 жылдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү жүргүзүп келе жатат.
  • Бүгүнкү күндө жалпы Кыргызстан боюнча «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын 19 бөлүмү бар: Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Кара-Балтада, Чолпон-Атада, Караколдо, Өзгөндө, жана Ноокатта.
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК универсалдуу банктын статусуна ээ жана өзүнүн ишмердигин № 044 банктык лицензиясынын негизинде жүргүзөт.
  • Мамлекеттер аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө карата Банктын кардарларын тейлөө үчүн Германиянын, АКШнын, Россиянын жана Казакстандын ири банктары менен корреспонденттик мамилелер түзүлгөн.

– «Бай Түшүм» Банкы чакан, орто жана корпоративдик бизнести насыялоону дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү деңгээлге көтөрдү

Ар кандай бизнестин, өзгөчө жогорку технологиялуу бизнестин өнүгүшү ар дайым көлөмдүү финансылык инвестициялардын зарылдыгы менен байланыштуу. Атаандаштык рыногунун шарттарында инвестицияларды салуу бизнес-чөйрөнүн ар кандай өзгөрүүлөрүнө компаниялардын өз убагында жооп берүүсүнө жана алардын сатууларынын көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ушундан улам компаниялардын өнүгүү мезгилинде ыңгайлуу жана жакшы натыйжалуу чечимдерди сунуштай ала турган ишенимдүү финансылык өнөктөшүнүн болуусу өтө маанилүү.

Бизнес-кардарлардын дайыма өсүп турган талаптарынын шартында «Бай Түшүм» банкы Реконструкциялоонун жана Өнүгүүнүн Европалык банкынын атайын фондусунун акционерлеринин колдоосу алдында, чакан,орто жана корпоративдик бизнес багытында  Банктын кубаттуулугун күчөтүү боюнча долбоорду ишке киргизди. Жаңы киргизилген долбоордун алкагында бизнес-кардарлар насыяларды берүү боюнча банк тарабынан чечимдерди кабыл алуунун мөөнөттөрүн кыскартууга жана дифференцияланган баа мамилеси менен ыңгайлуу продукт түзүмүн киргизүү менен насыяларды берүү боюнча артыкчылыктарга ээ болушту. Мындан тышкары, насыялоо багытындагы бизнес-процесстер алда-канча жакшыртылды, бул өз кезегинде кардарларды тейлөөнүн баасын кыскартууга мүмкүнчүлүк түздү.

Бизнес багыты үчүн жаңы иштердин бири болуп, 6 айлык мөөнөткө бекитиле турган финансылык лимит болуп саналат.  Бул лимитти пайдалануу менен кардарлар зарыл болгон бардык учурларда каржылоону ала алышат. Финансылык лимиттин алкагында ар кандай продуктулар кошумча талдоосуз 1-2 күндүн аралыгында бериле тургандыгын белгилей кетүү керек. Ушул себептен, ар кандай бизнес-мүмкүнчүлүктөр же идеялар пайда болуп калган учурда, кардарлар банктын колдоосуна ишенишсе болот жана өздөрүнүн өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдө артыкчылыктуу боло алышат.  А эң башкысы, финансылык лимитти коюу – акысыз.

Дагы бир жаңылык: Бизнес-кардарлар үчүн  – овердрафт. Бул абдан ыңгайлуу продукт, анын жардамы менен финансылык кыска мөөнөттүү муктаждыктарды жоюуга болот, мында каражатты натыйжасыз пайдалангандыгы үчүн ашыкча төлөмдөр болбойт. Себеби, овердрафтты пайдаланган учурда  кардар продуктуну пайдаланган конкреттүү күндөрдүн саны үчүн гана төлөм жүргүзөт.  Банктын учурдагы  жана жаңы кардарлары овердрафт боюнча күрөөсүз лимит койо алышат, ошондой эле карыздуулукту ай сайын жоюунун да зарылдыгы жок.

Финансылык ишенимдүү өнөктөш катары «Бай Түшүм» банкын тандап алуу менен, бизнес-кардарлар ар дайым жекече мамилеге жана ыңгайлуу, пайдалуу финансылык чечимдер менен коштолгон сапаттуу тейлөөгө мүмкүнчүлүк ала алышат.