– Компаньон Инвест: Кыргызстанда Исламдык каржылоону өнүктүрүү

Ислам каржылоосу деген эмне жана ал биздин өлкөдө кайсы тармакка тиешелүү? Бул суроону биздин өлкөнүн көп жарандары беришет. Бул суроону чогуу түшүндүрүүгө аракет кылып көрөлү.

Негизи, каржылоонун салттуу концепциясы банктар жана финансылык уюмдар бир гана кредиттик жана акча каражаттары менен иштейт деген маанини билдирет. Ислам каржылоосу, тескерисинче, акчаны сооданын предмети катары кабыл албайт. (өзгөчө учурлардан башка). Акчанын жеке өзүнүн баалуулугу жок, алар алмаштыруунун гана каражаты болуп саналат.

Исламдык каржылоо тармагынын көйгөйлөрү

Келечектеги исламдык каржылоо уюмдары үчүн фундаменталдык теоретикалык жана практикалык негиздер түзүлгөндүгүнө карабастан, исламдык каржылоонун өнүгүүсү үчүн бир нече кайынчылыктар бар: исламдык социалдык-экономикалык мамилелер боюнча (муамалат) түзүлө элек илимий чөйрө, түзүлө элек ченемдик-укук базасы, жана профессионалдуу даярдалган адистердин жетишсиздиги.  

Компаньон Инвест: өнүгүү тарыхы

«Компаньон Инвест» ЧКК ЖЧК 2011 жылы ноябрь айында түзүлгөн. 2012 жылы Компаньон Инвест Мурабаха келишими боюнча биринчи операцияны жүргүзгөн. 2013 жылы ноябрь айында эл аралык «Islamic Microfinance Challenge 2013» жарышмасынын жыйынтыгы боюнча эң жакшы үч финалисттердин бирөөсү болуп тандалган.  2016 жылы Компаньон Инвест Шариаттын стандарттарын киргизгенден кийин, толугу менен исламдык каржылоо уюмдарынын бухгалтердик эсеп жана аудит стандарттарына өткөн.

Быйыл апрель айында «Компаньон Инвест» МКК ЖЧК активдеринин суммасы боюнча германиялык эң чоң банк- Deutsche Bank тан узак мөөнөттүү каржылоо инвестицияларын алып келди. Инвестициялык макулдашууга 2017 жылы 21 апрель күнү кол коюлган жана ал толугу менен Шариат стандарттарына ылайык тузүлгөн. Негизги максат – ислам укугуна ылайык микро каржылоонун продуктыларын жана кызматтарын колдоо. Каражаттар Deutsche Bank тын «Жаңы демилгелердин фонду» долбоорунун чегинде бөлүнгөн. Бул долбоор өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү киреше деңгээли төмөн кардарлар үчүн жеткиликтүү каржылоону сунуштайт.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.