Урматтуу банк тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Банкир күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, жоопкерчилигиңиздер жана өз ишиңиздерге болгон берилгендигиңиздер өлкөнүн финансылык системасынын өнүгүшүнө, ишенимдин бекемделишине жана экономика менен коом үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүшүнө чоң салым кошууда.
Ишиңиздерде ар дайым ийгилик, туруктуулук жана келечекке болгон ишеним коштоп жүрсүн. Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, жаңы жетишкендиктер, кесиптик өсүү жана бардык максаттарыңыздарды ишке ашырууга күч-кубат каалайбыз.
Ар бир күнүңүздөр жакшы кабарларга, шыктанууга жана жаңы жеңиштерге толо болсун!
Урматтоо менен,
ЮЖБ “Кыргызстан банктарынын бирикмеси”