Урматтуу кесиптештер, өнөктөштөр жана достор!
Сиздерди май майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Бул өзгөчө даталар эмгек биримдигин, адилеттүү мамлекетке болгон умтулууну жана ата-бабаларыбыздын баатырдыгы менен жетишилген тынчтык жана эркиндик үчүн терең ыраазычылыкты символдоштурат. Май айы сиздер үчүн шыктануунун, жаңы жетишкендиктердин жана жылуу жолугушуулардын мезгили болсун. Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бакубатчылык, тынчтык жана эртеңки күнгө ишеним каалайбыз.
Урматтоо менен,
«Кыргызстан банктарынын бирикмеси» ЮЖБ