Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктар арасында стратегиялык менеджмент боюнча бизнес оюн болуп өттү

2016-жылдын 15-18 ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктар арасында стратегиялык менеджмент боюнча бизнес оюн болуп өттү. Бизнес оюнду өткөрүүнүн уюштуруучусу Улуттук банк жана эл аралык кызматташтык боюнча Германия сактык кассаларынын фонду болушту. Бизнес оюнда «БТА Банк» ЖАК, «БАКАЙ БАНК» ААК, «Дос-Кредобанк» ААК, «Банк Компаньон»ЖАК өкүлдөрү катышышты. Ар бир командадан жогорку жана орто звенодогу жетекчилерден турган 4 өкүлдөрдөн турду. 

Бизнес оюндун тренери катары Германия сактык кассаларынын фондунун эксперти Татьяна Фельдген жана Инна Мазур болду. 

Бизнес оюн бир нече этаптардан түзүлдү рольго кирүү, абал менен таанышуу, финансылык жана финансылык эмес маалыматты анализдөө, жалпы стратегия түзүү, бизнес пландарды түзүү жана чечим кабыл алуу. Команда тарабынан кабыл алынган чечим атайын программанын жардамы менен иштетилген. 

Оюндун жүрүшүндө катышуучуулар чектүү мөөнөттүн шартында жана катуу конкуренцияда, кардарлардын каалоосу боюнча жана алардын керектөөлөрүн анализдөө боюнча маалыматтарды иштетүү боюнча чечимдерди кабыл алуу боюнча машыгышты. Ар бир команда тобокелдердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн ортосунда балансты кармай ылышаарын көрсөтүштү, ошондой эле банктын практикалык ишиндеги зарыл билимди жана тажрыйбаны. 

Оюндун жыйынтыгы чыгарылган соң жеңиш «БТА Банк» ЖАКына ыйгарылды. 

Коммерциялык банктар арасында стратегиялык менеджмент боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кубогун тапшыруу салтанаттуу аземи 18 ноябрда болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Орозбаева Л.Дж. жана Кыргызстандагы сактык кассалардын фонду долбоорунун регионалдык директору Ульрих Кинитц катышты.  

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.