Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү белгиленди

_mg_9173FINCA Банк КР Улуттук Банкынын жана Германия эл аралык кызматташуусу боюнча аманат кассалар фондунун Кыргызстандагы аманаттар маданиятын жогорулатууга багытталган демилгесин колдоду. FINCA Банктын адистери октябрь айында өлкөнүн бардык аймагында жетилген курактагылар жана чоң класстар үчүн аманаттар боюнча тренингдерди өткөрдү.

Борбордук окуя катары FINCA Банктын бардык филиалдарында 24-октябрдан 31-октябрга чейин өткөн Аманаттар күнүн айтсак болот.

Чакырылган коноктор akr_8158финансылык сабаттуулук боюнча тренинге катышып, банк продуктулары менен таанышып, FINCA Банктын өкүлдөрүнө суроо бергенге үлгүрүштү. Балдарга өзүнчө программа уюшулду. Банктын кызматкерлери өз лекцияларында балдарга банктын ишмердиги жөнүндө жеткиликтүү айтып берип, акчанын пайда болуу тарыхын айтып, жеке финансылары кантип туура бөлүшүү керектигин түшүндүрдү. Бардык катышуучуларга FINCA Банктан жана Эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассаларынын фондунан эстелик белектер тапшырылды.

den-sberezhenij2016kyrg

 

 

 

 

 

 

www.finca.kg

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.