Улуттук банк “2016-2020 жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасын ишке ашыруу кадамдары, учурдагы абалы» темасында тегерек стол өткөрдү

2016-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын демилгеси менен “2016-2020жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасын ишке ашыруу кадамдары, учурдагы абалы» темасындагы тегерек стол өттү. 2016-2020жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасы жана анын биринчи бөлүгүн ишке ашыруу Планы 2016-жылдын 15-июнунда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн № 319 токтому менен кабыл алынган. 

Тегерек столго Программаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик ишканалардын, жергиликтүү жана эл аралык уюмдардынөкүлдөрү катышышты. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Лада Орозбаева калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун өзгөчө актуалдуулугун баса белгиледи. “Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу иш аракети мамлекеттик мемелердин жана жарандык коомдун катышуусун талап кылган жалпы мамлекеттин максаты. Тегерек столду өткөрүү аркылуу коомчулуктун ар кандай катмарынын көңүлүн буруп, программаны ишке ашыруу процессинин эффективдүүлүгүнө жетишүү максаты бардыгыбызды кызыктырат” деп билдирди Лада Орозбаева. 

Тегерек столдо Программанын ишке ашыруу процесси жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу демилгелери боюнча кеңири маалымат берилди. Ишчаранын негизинде мамлекеттик ишканалардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрүнүн кызматташуу багыттары талкууланды. 

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын чогуу ишке ашыруу чаралары боюнча резолюциясы кабыл алынды. 

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.