FINCA Банктын Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясы

img_2164FINCA Банктын кызматкерлери «Help the Children-SKD» Кайрымдуулук фонду менен биргеликте Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы балдардын гематология бөлүмүндө кайрымдуулук акциясын өткөрдү.

Кан оорусуна жабыркаган балдарга оорукананын ичинде белек катары жаңы жылдык жомок тартууланды. Каалоолор жазылган эксклюзивдүү бокалдар, мөмө-жемиштер, көңүл көтөрүүчү куттуктоолор жана каалоолор, сыйкырдуу оюндарды көрсөткөн дарыгер-клоундар, Аяз ата жана Аяз кыз… Ал эми эң негизгиси, балдарды дарылоого эң керектүү кандын препараттарын тартулашты.

img_2188Балдардын жана ата-энелердин жана бөлүмдүн кызматкерлеринин көздөрүнөн кубанычтын нуру жанып турду, ал эми жакшылыкка болгон ишенимдери ишке ашты.

_mg_2130“FINCA Банктын жигердүү командасынын демилгеси менен сыйкырдуу жомок тартууланды. Кымбаттуу биздин сыйкырчылар, силердин жардамыңарга, башкалардын кайгысын тең бөлүшкөнүңөргө жана боорукердигиңерге таазим кылабыз! Келе жаткан жаңы жыл силерге ачык маанай алып келсин, жүрөгүңөр бакытка толсун, ишиңерди ийгилик коштоп жүрсүн”, – деп «Help the Children-SKD» Кайрымдуулук фондунун президенти Елена Конева өз ыраазычылыгын билдирди.

_mg_2136Балдардын гемотология бөлүмүнүн медицина кызматкерлеринин айтымында, жыл сайын Бишкек шаарында 1500гө жакын балдар дарыланат. Азыркы убакта 38 бала дарыланууда. Бул балдар өлкөнүн бардык аймактарынан келген, кан оорусу менен катуу ооруган балдар.

FINCA Банк өз долбоорлорунда корпоративдик волонтерлукту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу менен социалдык маанилүү акцияларды дайыма өткөрүп келет.

img_2149

 

 

 

 

 

 

_mg_2117

 

 

 

 

 

Банктын долбоорлору жөнүндө толук маалымат www.FINCA.kg сайтында жайгашкан.

 

 

 

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.