“Айыл Банк” ААКтын Кара-Буура филиалы – айыл чарба жана адистештирилген техниканы лизингге берүү боюнча филиалдардын арасында лидер

“Айыл Банк” ААКтын Кара-Буура филиалы -  айыл чарба жана адистештирилген техниканы лизингге берүү боюнча филиалдардын арасында лидер

Аманбаево айылынын тургуну Таалайбек Жаныбаев 4 300 000 сом турган “АМКОДОР 352” фронталдуу погрузчикти, 7 жылдын ичинде төлөп берүү мөөнөтү менен, 9% менен лизингге сатып алды, ал келечекте Кара-Буура районунда жашаган бүт калкына кызмат көрсөтүүнү пландаштырып жатат.

Лизинг алуучунун сөзү боюнча; “Бул абдан керектүү техника. Бул техника кумду, гравийди самосвалдарга жүктөйт, жерди түздөйт жана көптөгөн башка иштерди аткарат. Көптөгөн заказдар болоруна ишенемин” – деп, ал кошумчалады. Таалайбек Жаныбеков техниканы лизингге биринчи жолу алып жатат, бирок башка насыя продуктылары боюнча Банктын активдүү насыя алуучусу болуп саналат.

 

Андан тышкары, ошол күнү Акбашат айылынын фермери Сатылган Абдрахманов дагы лизингге трактор алды, бул киши Айыл Банк менен көп жылдан бери, КСФК кезинен эле кызматташып келе жатат. Кара-Буура филиалынын башкармасы Мурат Бейшекеевдин сөзү боюнча: “Сатылган Абдрахмановдун бардык айыл чарба техникасы биздин Банк аркылуу лизингге алынган. Анын тракторлору беш айылдын калкын тейлейт. Ал Банктын лизингде гана эмес, башка тармактарында дагы туруктуу жана ак ниеттүү кардары болуп саналат. Ал Биздин Банкта насыяларды дагы алып жүрөт”. Кара-Буура районунун фермерлерине айыл чарба жана адистештирилген техниканы лизингге берүү аземине филиалдын башкы адиси Талантбек Чандыбаев катышты.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.