Турак жайды сатып алууга берилген кредиттер конвертацияланууда

MortgageКыргыз Республикасынын Өкмөтү, коммерциялык банктардан АКШ долларында республикааймагынан турак жай сатып алуу үчүн кредиттерди алган жана улуттук валютанын өзгөрүлмөлүүлүгүнө байланыштуу оор жагдайга туш болгон жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, атайы тескеме чыгарды.  

Мамлекеттик колдоо, турак жай сатып алуу үчүн АКШ долларында кредит (ипотека) алган жарандардын кредиттеринин негизги суммасы боюнча карыздарын Улуттук банктын 2015-жылдын 1-июлуна карата расмий курсу боюнча (1 АКШ доллары үчүн 62,1422 сом) улуттук валютага конвертациялоо максатында көрсөтүлөт.  

Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан турак жайды сатып алууга берилген кредиттер конвертацияланууга тийиш. Кредит берүү мөөнөтү – кол коюлган кредиттик келишимдин негизинде, 2015-жылдын 1-июлуна чейин. Ал эми берилген күнгө карата кредиттин негизги суммасы (коммерциялык банк менен карыз алуучу ортосунда кредиттик келишимге кол коюлган күн) 40 (кырк) миң АКШ долларынанашпоого тийиш. Ар бир жеке адамдын 1 (бир) гана кредити конвертацияланат. Ошондой эле, мындай кредит боюнча соттук териштирүү иши жүргүзүлбөөгө тийиш.  

Кредиттерди конвертациялоодо 2015-жылдын 1-июлуна карата 1 АКШ доллары үчүн 62,1422 сом чегинде белгиленген расмий курс пайдаланылат, анткени АКШ долларынын сомго карата курсу экинчи жарым жыл ичинде биринчи жарым жылга караганда олуттууөзгөрүүгө дуушар болгон. Алсак, 2015-жылы доллардын курсу 28,9 пайызга, 1 АКШ доллары үчүн 58,8956 сомдон 75,8993 сомго чейин өскөн. Мында, курстун өсүшү биринчи жарым жыл ичинде 5,5% түзсө, экинчи жарым жыл ичинде 22,1% чегинде катталган.  

Ушундан улам, чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоодо 1 АКШ доллары үчүн 62,1422 сом расмий курсун пайдалануу кыйла негиздүү.  

2015-жылдын 1-июлуна карата алмашуу курс (62,1422 сом) менен тескеме чыккан күнгө карата расмий курс ортосунда айырма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн субсидиялары аркылуу каржыланат, бул болжолу менен 574 млн. сомду түзөт.  

Орточо алганда 3-5 адамдан турган үй-бүлөнүн иштеп жаткан мүчөлөрүнүн кирешесинин (11-12 миң сом) орточо деңгээлине таянсак жана ипотекалык кредит алуу шарттарына ылайык, эконом-классындагы (104-105-сериядагы батирлер) турак жай сатып алуу үчүн банкка 30-40% өлчөмүндө баштапкы төгүм төлөө зарылчылыгын эске алсак, карызды жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча конвертациялоонун максатка ылайыктуу, бул ипотекалык кредиттин орточо суммасы болжолу менен 40 миң АКШ долларын түзгөндүгү менен шартталган.  

Мындай шартта, 2015-жылдын 1-июлуна чейин берилген, 3,1 млрд сом өлчөмүндөгү 2864 адамдын ипотекалык кредиттери, б.а. четөлкө валютасында ипотекалык кредит алган карыз алуучулардын жалпы санынын 69% кредити конвертацияланат.  

Кредиттерди конвертациялоодо карыз алуучулар менен жаңы кредиттик келишим түзүлөт, анда кредит боюнча карыз сом түрүндө, ал эми пайыздык чен улуттук валютада 19,79% деңгээлинде аныкталат (2016-жылдын 1-январына карата коммерциялык банктардын улуттук валютада иптекалык кредиттери боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен). 

http://www.nbkr.kg/

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.