«Азия Банкы» ЖАК тарабынан чыгарылган социалдык облигациялар боюнча пост-эмиссиялык отчет

«Азия Банкы» ЖАКтын социалдык облигациялары боюнча эмиссиядан кийинки отчету «Азия Банкы» ЖАК туруктуу өнүгүү жана социалдык жоопкерчилик принциптерине берилгендигин көрсөтүүнү улантууда. Социалдык облигациялардын экинчи эмиссия программасынын алкагында Банк тартылган каражаттардын кандайча пайдаланылганы жана алар кандай социалдык таасир бергени тууралуу толук маалымат камтылган верификация форматындагы тышкы текшерүүнүн эмиссиядан кийинки отчетун даярдады. Отчет аялдардын ишкердүүлүгүнө жана чакан, орто бизнеске колдоо көрсөтүүнү, жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана эмгек шарттарын жакшыртууну чагылдырат. Маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана аныктыгын тастыктоо үчүн документ Климаттык облигациялар демилгеси тарабынан аккредиттелген жана АМФАнын (AFSA) жөнгө салуучусу тарабынан лицензияланган АМФЦнын (GFC) Жашыл каржы борборунда көз карандысыз верификациядан өттү. Текшерүүнүн жыйынтыгында программанын ICMAнын Социалдык облигациялар боюнча эл аралык принциптерине жана Банктын социалдык каржылоо боюнча ички стандарттарына шайкештиги тастыкталды. Отчет Банктын расмий сайтына («ESG-банкинг» бөлүмү), Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасына жайгаштырылган жана социалдык программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары менен ар ким тааныша алышы үчүн өнөктөштөргө жөнөтүлгөн.

https://www.bankasia.kg/esg-zhonyndo/zao-bank-azii-tarabynan-chygarylgan-socialdyk-obligacijalar-bojuncha-post-jemissijalyk-otchet/