Айыл Банк менен РСК Банкта ипотекалык насыялоо башталат

2016-жылдын 1-февралында Айыл Банк, РСК Банк жана “Мамлекеттик Ипотека Компаниясынын” ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге расмий кол коюу болуп өттү.

Ушул макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруу максатында түзүлдү.

“Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын максаты, Кыргыз Республикасында турак жайга жетүү мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү саналат. Алар, өлкөнүн бардык аймактарында керектүү көлөмдөрдө турак жайларды куруу боюнча чараларды ишке ашыруу аркылуу, турак жайды сатып алуу боюнча жеткиликтүү ипотека механизмин камсыз кылуу жана  өлкөнүн банк тутумун жеткиликтүү ипотекалык насыялоо программасына тартуу аркылуу түзүлөт.

Ушул Макулдашуунун шарттарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруунун алкагында, Мамлекеттик ипотека компаниясы, жарандарга социалдык турак жайды сатып алуу үчүн 500 000 000 (беш жүз миллион) сомго чейинки  өлчөмдө ипотекалык насыяларды берүүгө жана кайра каржылоого инвестициялык акча каражаттарды Банкка берүүгө даяр.

Инвестициялык каражаттар 15 жылга чейинки төлөп берүү мөөнөтү менен, Банк аркылуу карыз алуучуларга берилет, пайыздык өлчөмдөр, карыз алуучунун алгачкы төгүмүнүн өлчөмүнө жараша, 12%дан 14%га чейин бекитилет.Ушул ипотекалык насыяны, бюджеттик уюмдарда иштеген, 21жаштан 65жашка чейинки КРдин жарандарынын мүмкүнчүлүгү бар. Күрөө предмети болуп сатып алынган кыймылсыз мүлк саналат, ал сөзсүз түрдө камсыздандырууга тийиш.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын шарттарына ылайык, сатып алынган кыймылсыз мүлккө төмөнкү талаптар коюлат: жашоого жараган батир же жер участогу менен турак үй, батирдин жалпы аянты 70 чарчы метрден ашпашы керек, ал эми турак үйдүн жалпы аянты 150чарчы метрден ашпашы керек.

 

 

www.ab.kg

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.