FINCA Банк эки каржы форумун колдоду

Бишкек шаарындагы «Орион» мейманканасында 2-июнда Бизнес-жолугушуу болуп өттү. FINCA Банк Кыргыз Республикасынын Соода – өнөр-жай палатасы тарабынан уюштурулган бул иш чаранын башкы демөөрчүсү болду. Башкармалыктын Төрайымынын орун басары Кай Ильм Банктын продуктулары жана кызматтары жөнүндө бетачарды сунуштап, банктын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Бизнес-жолугушууну өткөрүүнү колдогондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Соода – өнөр-жай палатасынын Президенти FINCA Банкка ыраазычылык катын тапшырды.

Ошондой эле, FINCA Банк демөөрчүлөрдүн бири катары Бишкек эл аралык каржы форумун (BIFF) өткөрүүнү колдоду, бул форум быйыл «Рынок чакырыгы жана тренддер» темасына арналган. Анын уюштуруучусу – Кыргызстан банктар союзу.

Форум 2-3-июнда Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өттү. Форумга КР Президентинин Аппарат башчысы Сапар Исаков, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев, КРУБ Төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Кыргызстан банктар союзунун президенти Анвар Абдраев, Германиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлү Касьен Онезорге жана башкалар катышты.

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.