Банк тутуму жетиштүү көлөмдөгү АКШ долларына ээ

NBKRУлуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторуна туруктуу мониторинг жүргүзүп туруу менен зарылчылык келип чыккан шартта интервенцияларды ишке ашырат. Учурда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап (муктаждык) накталай түрдө сыяктуу эле, нак эмес түрдө да канааттандырылууда. 

Бүгүн, 2016-жылдын 11-январында Улуттук банк валюта рыногунда туруктуулукту колдоп туруу максатында, накталай жана нак эмес түрдөчектөөсүз чет өлкө валютасын сатуу аркылуу рынокко катышкан. 

Улуттук банк коммерциялык банктарга жана алмашуу бюролоруна чет өлкө валютасын сатуу жагында эч кандай чектөөлөрдүбелгилебегендигин баса белгилеп кетүү зарыл. Айрым ЖМК өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча анонимдик булактардан алынган накталай долларга карата банк системасындагы дефицит тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. 

Банк тутуму жетиштүү көлөмдөгү АКШ долларына ээ. Алсак, 2016-жылдын 6-январына карата коммерциялык банктарда доллардын калдыгы 390,8 млн доллар чегинде, мунун ичинен 51,8 млн доллары накталай түрдө, ал эми 340,0 млн доллары нак эмес түрдө катталган. 

Улуттук банктын эл аралык камдарынын көлөмү импорттун төрт айын жабууга жетиштүү жана 6-январга карата 1 758,3 млн АКШ долларын түзөт. 

Улуттук банк валюта рыногунда түптөлгөн жагдайга кылдат көз салып туруу менен зарылчылыкка жараша тиешелүү операцияларды ишке ашырып турат. 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.