Айыл Банктын 20-жылдык мааракесине арналган Спартакиада

Айыл Банктын 20-жылдык мааракесине арналган Спартакиада

2016-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарында, Банктын 20-жылдык мааракесине арналган, Айыл Банктын кызматкерлеринин Спартакиадасы болуп өттү.

“Сан Сити” спорт комплексинин аймагында өткөн мааракелик мелдешке бүткүл Кыргызстандан келген Айыл Банктын 9 командасы, анын ичинде ар бир облустан келген команда жана Банктын Башкы кеңсесинен эки команда катышты. Катышуучулардын жалпы саны 150 адам болду. Спорт жана дене тарбия – Айыл Банктын жана анын филиалдарынын корпоративдик маданиятынын ажыралгыс жандоочусу. Банк өзүнүн жамаатын спорт менен машыгууга үндөйт жана ал үчүн болгон аракеттерди көрөт. Мелдеш спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча болду: мини-футбол, настольный теннис, шахматы, армреслинг.

Мелдештин алдында Банктын жетекчилиги салтанаттуу аземин өткөрүп, Кыргыз Республикасынын гимни аткарылды, андан кийин мелдештин башталышы жөнүндө жарыяланды.

Настольный теннис боюнча бардык оюндар жогорку деңгээлде өттү. Эркектердин арасында 1-орунга Бусурманкул у. М. (Джалал-Абад), 2-орунга Калыков К. (Ош), 3-орунга Мамутов Р. (Башкы кеңсе – 2) ээ болушту. Аялдардын арасында 1-орунга Турдубаева Б. (Джала-Абад), 2-орунга Раманкулова Д. (Башкы кеңсе -1), 3-орунга Абдибаитова А. ( Чуй) ээ болушту.

Жамаатын бир бөлүгү армреслингде күчүн сынап, ал эми күйөрмандар жан дили менен катышуучуларды колдоп жатышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча эркектердин арасында 1-орунду Толобаев А. (Чуй), 2-орунду Наматбеков К. (Башкы кеңсе -2), 3-орунду Сакан уулу Н. (Талас) ээлешти. Аялдардын арасында 1-орунга Аширова Р. (Талас), 2-орунга Бегалиева Ч. ( Башкы кеңсе-1), 3-орунга Мамбетова А. ( Иссык-Куль) ээ болушту.

Ушул спорт майрамынын эң тынч жери шахмат боюнча мелдеш өтүп жаткан жер болду, бул жерде күчтүү сезимдер ар бир катышуучунун ичинде болуп жатты. Жыйынтыгында шахмат боюнча 1-орунду Акбаралиев З. (Чуй), 2-орунду Шарапов У. ( Башкы кеңсе — 1), 3-орунду Турдубаев А. (Ош) ээлешти.

Мини-футбол боюнча финал абдан кызыктуу болду. Спорт мелдештин натыйжасында 1-орунга Талас облусунун командасы, 2-орунга Жалал-Абад облусунун командасы, ал эми 3-орунга Башкы кеңсе-2 командасы ээ болушту.

Банк тарабынан айрым номинацияларында сыйлыктар ыйгарылды. “Эң жакшы оюнчу” номинациясында Садабаев Ф. (Талас) белгиленди, “Эң жакшы коргоочу” Байбориев А. (Башкы кеңсе – 2) таанылды, ал эми “Эң жакшы вратарь” – Абдуназаров А. (Башкы кеңсе – 2), «Эң жакшы бомбардир» – Адилбеков К. (Джалал-Абад) болушту.

Бардык мелдештердин жеңүүчүлөрүнө медалдар, ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошол эле күнү, Айыл Банктын 20-жылдыгына арналган, мааракелик Спартакиаданын салтанаттуу жабылышы болуп өттү. Стадиондон кетип бара жаткан ар бир катышуучу Банк менен сыймыктанып, жылуу сезим менен кетти. Банк бул тырышып иштеген гана жер эмес, бул өлкөнүн ири каржы институтунун спорт жагынан даңкын көтөрүп, ден соолукка пайда менен, шаңдуу корпоративдик турмушка катышууга кызматкерлердин мүмкүнчүлүгү бар болгон жер.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.