«БТА Банк» ЖАК алгачкы депозиттик аукциондо жеңишке жетишти

logo_ruКайтарым каражаттарды жайгаштыруу боюнча алгачкы ачык аукциондо Кыргыз Республикасынын Финансы  министрлиги БТА Банк ЖАКка эң жакшы шарттар үчүн 106,8 млн. сом суммасында жайгаштыруу укугун берди.

БТА Банк өз кезегинде бөлүнүп берилген транштардын суммасын дээрлик эки эсе көбөйтүү менен өз каражаттары менен биргелешип каржылоого милдеттенди.

Жыйынтыгында, айыл жерлериндеги жеке ишкерлер жана чакан жана орто бизнес субъектилери төмөнкү ыңгайлуу шарттарда сомдо кредит алууга мүмкүнчүлүк алат:

 № Кредиттөө шарттары: Потенциалдуу карыз алуучу үчүн:
1. Тармактар: Соода-сатык, кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы
2. Бизнестин орун алган жери: Бишкек жана Ош шаарларынан башка жерлер
  Кредиттин максаты: Кайсы болбосун максаттар (жүгүртүү каражаттарын толуктоо, негизги каражаттарды сатып алуу ж.б.у.с.)
3. Кредиттин валютасы: KGS
4. Кредиттин мөөнөтү: 36 айга чейин
5. Пайыздык чен: жылдык 20 %- 21 %

 

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.