“Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла” сүрөттөр улуттук сынагы

global_money_week_logo_2015_black_yellowСынак 2017-жылдын 1-февралынан 10-мартына чейин өтөт.  Сүрөттөр сынагы Дүйнөлүк акча жумалыгы иш-чарасынын алкагында өткөрүлөт. Бул жыл сайын өтүүчү эл аралык иш-чаралар топтомунун негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн жаштардын финансылык сабаттуулугуна буруу. 2017-жылы Дүйнөлүк акча жумалыгы 27-марттан 2-апрелге чейин өтөт. Быйылкы жумалыктын темасы – “Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла”.

Сынактын уюштуруучусу – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк акча жумалыгын (Global Money Week – 2017) өткөрүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Уюштуруучулар). Ошол топтун курамына Өнүктүрүү саясат институту, Окутуу демилгелерди колдоо фонду, “Кыргызстандагы банктардын бирлиги” ЮЖБ, “Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы” ЮЖБ, “Кредиттик маалыматты колдонуучулардын ассоциациясы” ЮЖБ, Эл аралык кызматташтык Германиялык коому (GIZ), Эл аралык финансылык корпорация (IFC), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, “Финка Банк” ЖАК, “Бай-Түшүм Банкы” ЖАК, “КБ Кыргыхстан” ААК, “Росинбанк” ААК, “Айыл Банк” ААК, “Чанг Ан инвестициялык банкы” ААК, “Евразиялык сактык банк” ААК, “Халык Банк Кыргызстан” ААК, “Дос-Кредобанк” ААК, “Сенти” Финансылык компаниясы жана башкалар киришет.

I.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1.1. Ушул Жобо “Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла” сүрөттөр сынагын (мындан ары – Сынак) өткөрүү тартибин жана шарттарын аныктайт.

1.2.Сынактын уюштуруучусу – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк акча жумалыгын (Global Money Week – 2017) өткөрүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Уюштуруучулар). Ошол топтун курамына Өнүктүрүү саясат институту, Окутуу демилгелерди колдоо фонду, “Кыргызстандагы банктардын бирлиги” ЮЖБ, “Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы” ЮЖБ, “Кредиттик маалыматты колдонуучулардын ассоциациясы” ЮЖБ, Эл аралык кызматташтык Германиялык коому (GIZ), Эл аралык финансылык корпорация (IFC), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, “Финка Банк” ЖАК, “Бай-Түшүм Банкы” ЖАК, “КБ Кыргыхстан” ААК, “Росинбанк” ААК, “Айыл Банк” ААК, “Чанг Ан инвестициялык банкы” ААК, “Евразиялык сактык банк” ААК, “Халык Банк Кыргызстан” ААК, “Дос-Кредобанк” ААК, “Сенти” Финансылык компаниясы жана башкалар киришет.

1.3. Сүрөттөр сынагы Дүйнөлүк акча жумалыгы иш-чарасынын алкагында өткөрүлөт. Бул жыл сайын өтүүчү эл аралык иш-чаралар топтомунун негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн жаштардын финансылык сабаттуулугуна буруу. 2017-жылы Дүйнөлүк акча жумалыгы 27-марттан 2-апрелге чейин өтөт. Быйылкы жумалыктын темасы – “Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла”.

 

  1. СЫНАКТЫН МАКСАТЫ ЖАНА ТЕМАЛАРЫ

 

2.1. Сынак финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга, акчаны башкара билүүнү үйрөнүү зарылчылыгына, алдыга максат коюп, келечекке финансылык пландарды иштеп чыгууга балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучуларынын көңүлүн буруу максатында өткөрүлүп жатат.

2.2. Сүрөттөр сынагына кабыл алынчу дил баяндардын негизги темалары:

  • Акча деген эмне?
  • Менин жеке бюджетим
  • Үй-бүлөлүк бюджет деген эмне?
  • Өз жашообузда финансылык пландоонун жана акча топтоонун ролу
  • Акчаны кантип жыйнап, канткенде акылдуулук менен колдоно алабыз?
  • Күнүмдүк чыгашамды туура эсептеймби?
  • Акча эсепти жакшы көрөт
  • Ойлонуп жасалган чыгымдар – жашоодо ийгиликке жетүү шарты
  • Топтолгон акчалар аркылуу дагы акча тап
  • Үйрөнүү жана иштеп акча табуу

 

 

 

III. СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

 

3.1. Сынак Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын 7-17 жаштагы окуучулары арасында төмөнкү категроиялар боюнча өткөрүлүүдө:

– 1-категория – 7-10 жаш;

– 2 категория – 11-14 жаш;

– 3 категория – 15-17 жаш.

3.2. Сынакта өзүнчө номинация бөлүп чыгарылышы мүмкүн.

 

  1. СЫНАКТЫ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТҮ

 

4.1. Сынак 2017-жылдын 1-февралынан 10-мартына чейин өтөт.

4.3. Катышуучулардын эмгектери сынактын катышуучусу окуган билим берүү уюмунун жооптуу адамына жиберилет.

4.4. Тандалып алынган эмгектер Уюштуруучуларга 2017-жылдын 10-март күнү саат 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча жиберилет: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108. Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсеси. Телефондор: 0(312) 97-65-30 (31,32,33,34).

 

  1. СЫНАКТЫН КАЛЫСТАР ТОБУ ЖАНА БААЛОО КРИТЕРИЙЛЕРИ

 

5.1. Сынактын жыйынтыктарын чыгаруу үчүн көз карандысыз калыстар тобу түзүлөт.

5.2.Сүрөттөрдү баалоодо чыгармачыл мамиле, көздөгөн идеяңыздын оригиналдуулугу, аткаруу техникасы, композиция, теманын чагылдырылышы, түс гаммасы, аткаруу сапаты эсепке алынат.

 

  1. ЭМГЕКТЕРДИ ТАРИЗДӨӨГӨ ТАЛАПТАР

 

6.1. Сынактын катышуучулары ар кандай техникада аткарылган эмгектерин жибере алышат. Сүрөттөр А4 жана А5 форматындагы калың ак баракта аткарылыш керек.

6.2. Барактын арт жаккы бетинде сүрөттүн автору тууралуу маалымат көрсөтүлөт: мектептин №, классы, жаш курагы, аты-жөнү. КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Сүрөттүн алды жагына катышуучулар тууралуу эч кандай маалыматтар жазылбаш керек. Эгерде алды жагында жеке маалыматтар болсо, эмгектер сынакка катыштырылбайт.

6.3. Сынакка башка бирөөлөрдүн эмгектеринин көчүрмөлөрү, начар сапатта тартылган жана автордун жаш курагына шайкеш келбеген эмгектер; автор тууралуу маалыматтар толук жазылбаган эмгектер, зордук-зомбулуктун белгилери бар сүрөттөр кабыл алынбайт.

6.4. Бул жобонун талаптарына жооп бербеген эмгектер Сынакка катышпайт жана формалдык белгиси боюнча четке кагылат.

 

VII. АВТОРДУК УКУКТАР

 

7.1. Бардык укуктар дил баяндардын авторлоруна тиешелүү. Уюштуруучулар сынакка жиберилген эмгектерди ММКда жана башка басма продукцияда басып чыгаруу, жарыялоо жана бул долбоордун көргөзмөсүн жарнамалоо үчүн колдонуу укугуна ээ. Өз эмгектерин сынакка жиберүү менен автор сынактын шарттарына макулдугун берет.

 

VIII. СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ЧЫГАРУУ ЖАНА КАТЫШУУЧУЛАРГА СЫЙЛЫК ТАПШЫРУУ

 

8.1. Сынактын жеңүүчүлөрү жана айрым катышуучулары Уюштуруучулардан баалуу жана шыктандыруучу белектери менен сыйланат.

8.2. Сынактын жыйынтыктарын калыстар тобунун мүчөлөрү бекитет.

8.3. Сынактын жыйынтыктары тууралуу маалымат Уюштуруучулардын расмий сайтында жайгаштырылат.

8.4.  Сыйлык тапшыруу салтанаты өтчү жер жана убактысы тууралуу кошумча маалымдалат.

 

Сынакка материалдар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Үмөталиев көч., 108. Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсеси.

Маалымат алуу үчүн телефон номерлер: 0 (312) 976 530 (31,32,33,34)

Сынакка материалдарды берүүнүн соңку мөөнөтү –

2017-жылдын 10-март айынын, саат 17:00гө чейин.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.