Мамлекеттик Ипотекалык Компания жана Бакай Банкы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту

2017-жылдын 2-февралында  “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционеридик коому (МИК) Башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович, “Бакай Банкы” ачык акционердик коомунун (Бакай Банкы)  Башкармасынын төрагасы  Уманкулов Аалы Болотович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын (мындан ары Программа) жүзөгө ашыруунун чегинде кызматташуу тууралуу Генералдык келишимге кол коюшту.

Бактыбек Шамкеев бул иш-чаранын олуттуулугун, өнөктөш банктардын катарынын өсүшү Программанын катышуучулары үчүн ынгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи. “Бакай Банкы” бүгүн МИКтин 12- өнөктөш банкы катары эсептелет. Бул республикабызда ипотекалык насыялоо ишинин алга натыйжалуу жылышына өбөлгөлөрдүн бири болот деди МИК төрагасы. Программанын алкагында бүгүнкү күнгө карата 800гө жакын ипотекалык насыя берилип, жалпы суммасы 900 млн. сомдон ашты. “Бакай Банкы” турак жай  ипотекалык программасын жүзөгө ашырууда биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз катары ишин ийгиликтүү улантарына ишенебиз.

Ал эми Бакай банкынын башчысы Аалы Уманкулов ал жетектеп жаткан банк Кыргызстандын банк рыногунда 18 жылдан бери иштеп келе жатканын, туруктуу жана ишенимдүү финансы мекемеси катары абройго ээ болуп калганын билдирди. “Арзан турак жай” программасын жүзөгө ашырууга катышуу менен, өлкөбүздүн турак жайга муктаж жарандарыбыздын көйгөйүн чечүүгө салым кошорубузга кубанычта болуп жатабыз деди Аалы Уманкулов.   Бул үчүн банктын 60 өкүлчүлүгү республиканын бардык аймактартында иштеп жататат.

Ошондой эле ипотекалык баалуу кагаздар рыногунда  иштин башталары менен кызматташууга даяр экендигин кошумчалады банк Төрагасы.

Ипотекалык турак жай программасын аткаруунун чегинде МИК тарабынан  иштелип чыккан  “Даяр турак жайды сатып алуу” жана  “Жеке турак жайды куруу” механизмдери учурда өнөктөш банктар тарабынан МИКтин кайра каржылоосу аркылуу ишке ийгиликтүү ашып жатканын эскерте кетмекчибиз.

Программанын катышуучуларынын талаптарга ылайык бекитилген тизмелери МИК менен иштеп жаткан өнөктөш банктарга жөнөтүлүп, насыя алуу иштери андан ары банктардын ички жол-жоболорунун негизинде уланат. Банктар менен кызматташууда  МИК өнөктөштөрдүн кардарларды сапаттуу тейлөөсүнө, банктын ички жол-жоболорун Программанын катышуучулары үчүн жөнөкөйлөтүү жагына басы коеруна көнүл бурат.

МИКтин шарттарына ылайык, ипотекалык насыяларды  буга чейин республиканын 11 коммерциялык банкынан алууга  мүмкүн болгон: «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Компаньон банкы» ЖАК, «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК, «Азия Банкы» ЖАК, «Capital Bank» ААК, «БТА Банк» ЖАК, “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк”  ЖАК, “Бай-Түшүм” Банкы ЖАК.  “Кыргыз коммерцбанк” ААК жана “Россинбанк” ААК.

2017-жылдын 2-февралына карата абал боюнча  коммерциялык банктар аркылуу берилген ипотекалык насыялар тууралуу маалымат:

 

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.