FINCA Банк балдарды майрамы менен куттуктады

FINCA Банктын башкы кеңсесинин жана филиалдарынын кызматкерлери ар түрдүү балдар мекемелеринин тарбиялануучуларын Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттукташты.

FINCA Банк кызматкерлердин балдары үчүн «Маш ботой» спорттук оюн-зоок майрамын уюштурду.

Бишкек филиалынын жамааты Жер-Казар айылындагы «Нур-Бакча» балдар бакчасына барышып, балдарга оюнчуктарды жана таттуу белектерди тартуулашты.

Кербен филиалынын кызматкерлери «Арча-Бешик» балдар бакчасынын тарбиялануучуларына ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү оюнчуктарды тапшырышты.

Алардын Караколдогу кесиптештери Акбулун айылындагы «Балажан» балдар бакчасына балдардын эмеректерин тапшырышты, андан сырткары Кызыл-Суу айылындагы «Келечек» балдар үйүнө жана Күрмөнтү айылындагы балдар бакчасына да белектер жөнөтүлдү.

Нарын филиалы жаңы ачылган «Айдай» балдар бакчасына кир жуугуч машинаны белекке берди.

Баткен филиалы шаардын Борбордук сейилбагында болуп өткөн «Балдар үчүн» кайрымдуулук акциясын колдоду. Анын жүрүшүндө чогулган акча каражаттары балдардын ден-соолугун чыңдоочу «Нур» комплексине жана жетим балдарга берилди. Ошондой эле буга катышкан бардык балдар FINCA Банктын атынан оюнчуктарды жана балмуздактарды алышты.

Кара-Балтадагы балдардын кризистик борбору Банктын филиалынын өкүлдөрүнөн чаң соргучтарды, жаңы имарат үчүн шамчырактарды алышты. Ар бир тарбиялануучуга банк кызматкерлери футболкаларды, бут кийимдерди, таттуу белектерди тапшырышты.

FINCA Банктын Маалымат технологиялары башкармалыгынын адистери Чекене насыя берүү башкармалыгындагы кесиптештери менен биргеликте акча каражатын топтоп, Краснореченскийдеги атайын мектеп-интернатына видеоаппаратураны жана балдарга керектүү буюмдарды алып беришти.

Ошондой эле, FINCA Банк Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө арналган кайрымдуулук концертинин демөөрчүлөрүнүн бири болду. Иш-чаранын уюштуруучусу – Help the children-SCD коомдук кайрымдуулук фонду. Аталган фонд Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык ооруларга дуушар болгон балдарга жардам берет.

Концертке сатылган билеттерден түшкөн акча, ошондой эле анын жүрүшүндө жардам катары чогулган акчалар улуттук дарылоо мекемелеринин гематология жана онкология бөлүмдөрүндө дарыланып жаткан кичинекей балдарга дары-дармектерди алууга жумшалат.

 

 

 

 

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.