Мамлекеттик ипотека насыялары кантип жана кандай шарттар менен берилет?

“Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программанын алкагында ипотека насыялардын берилиши төрт кадамдан турат. Мындай маалыматты Мамлекеттик Ипотека Компаниясы берип жатат.

Биринчи этапта жарандар, Өкмөттүн токтому менен бекитилген тандоонун критерийлери боюнча жашоо шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын тизмесине кирүү үчүн, жашаган жериндеги жергиликтүү мамлекеттик акимдикке кайрылышы керек. Квотаны мындан ары аймактар боюнча  бөлүштүрүү үчүн, түзүлгөн тизме Мекемелер аралык комиссияга берилет, жана андан кийин гана жарандардын тизмеси шериктеш-банктарга берилет. Банктар текшергенден кийин, зайымчы, жеткиликтүү турак жайдын бекитилген стандарттарына ылайык, өзүнүн караштыруусу боюнча турак жайды тандайт. Шериктеш-банк канааттандыруу жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин зайымчы алгачкы төгүмдү төлөйт жана ипотека насыясын алат.

Инвестициялык каражаттар 15 жылга чейинки төлөп берүү мөөнөтү менен, Айыл Банк жана РСК Банк аркылуу карыз алуучуларга берилет, пайыздык өлчөмдөр, карыз алуучунун алгачкы төгүмүнүн өлчөмүнө жараша, 12%дан 14%га чейин бекитилет.Ушул ипотекалык насыяны, бюджеттик уюмдарда иштеген, 21жаштан 65жашка чейинки КРдин жарандарынын мүмкүнчүлүгү бар. Күрөө предмети болуп сатып алынган кыймылсыз мүлк саналат, ал сөзсүз түрдө камсыздандырууга тийиш.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын шарттарына ылайык, сатып алынган кыймылсыз мүлккө төмөнкү талаптар коюлат: жашоого жараган батир же жер участогу менен турак үй, батирдин жалпы аянты 70 чарчы метрден ашпашы керек, ал эми турак үйдүн жалпы аянты 150чарчы метрден ашпашы керек.

 

Маалыматтын булагы:

www.tazabek.kg/news:402506

www.ab.kg

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.