БТА Банк – Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусунун мыкты өнөктөшү

bta-best-bank-partner-22016-жылдын жыйынтыгы боюнча “БТА Банк” ЖАК чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн натыйжалуу жана сапаттуу тейлегендиги үчүн Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусунун мыкты банк-өнөктөшү деп табылды.
2016-жылдын 25-майынан тарта БТА Банк чакан жана орто бизнести каржылоого кредиттик тилкени берүү боюнча Фондунун расмий өнөктөшү болуп саналат. Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусу аркылуу жеке ишкерлер бизнести кеңейтүү жана негизги каражаттарды модернизациялоо үчүн жеңилдетилген кредиттерди алат, ал эми башкысы – пайыздык чендери төмөн болгон узак мөөнөттүү инвестицияларды алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Read more »

FINCA Банк “Бишкек инвестициялык форумуна 2016” демөөрчүлүк көрсөттү

finca2016

Жакынкы күндөрдө Бишкекте көп сандаган катышуучуларды жана Кыргызстандын расмий бийлигинин өкүлдөрүн жыйнаган, бул жылдын абдан маанилүү окуясы “Бишкек инвестициялык форуму 2016” болуп өттү.

Форумга Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты. Бизнес тармагынын өкүлдөрү дүйнөдөгү жана аймактагы экономикалык тренддерди, ошондой эле кызматташтыктын жаңы векторлорун талкууга алышты.

FINCA Банк учурдагы экономикалык тренддерди түшүнүүгө умтулат жана Кыргызстандагы ишкердикдин өнүгүүсүнө үзгүлтүксүз өз салымын кошуп келет.

Read more »

Банктын кардарлары КРнын экономика Министрлигинин ардактуу грамоталарына татыктуу болушту

1Бүгүн Бишкекте КРнын экономика Министрлиги жана  Азия Өнүкгүрүү Банкы өткөрүшкөн «Аялдар ишкерчилигиндеги бизнес чөйрөсүн жакшыртуу» конференциясынын жүрүшүндө Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев жана Азия өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн Өлкөлүк директору Кендис Мак-Дейган КРнын экономика Министрлигинин Ардак грамоталары менен «Бай Түшүм» банкынын кардарларын сыйлады. Аялдар ишкерчилиги долбоорун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыктары үчүн Каракол шаарынан Айнагүл Жамгырчиева жана Таластан Кенжебүбү Айылчиева Ардак грамотага татыктуу болушту.

Read more »

FINCA Банк Базар-Коргондогу “Үй-бүлөлүк медицина борборуна” жардам көрсөттү

finca071216FINCA Банк корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында медициналык мекемеге жардам көрсөтүү менен дагы бир долбоорун ишке ашырды.

FINCA Банктын Базар-Коргондогу филиалы “Үй-бүлөлүк медицина борборуна” оңдоо иштерин жүргүзүү демилгесин көтөрүп, аны иш жүзүнө ашырды. Базар-Коргондогу “Үй-бүлөлүк медицина борборунун” кызматкерлеринин алдында көп убактан бери таза суу менен камсыздоо көйгөйү турган. Медициналык мекеменин кызматкерлери өз күчтөрү менен таза сууну жакын жайгашкан мектептен алып келишип, колдонулган сууну өздөрү алып чыгышчу.

Read more »

Компаньон Банкы дзюдо боюнча Эл аралык турнирине колдоо көрсөттү

img_99163 жана 4 декабрда Компаньон Банкынын колдоосу менен Бишкекте жаштардын арасында «Хан Манас» дзюдо боюнча VII эл аралык турнири өткөрүлдү. Быйыл бул мелдешке Казахстан, Туркменистан, Өзбекстан, Иран, Россия жана Кыргызстандан 400 дөн көп жаш спортчулар келишти.

«Биз бул спорт иш чарасын жетинчи жыл катары менен колдоп жаткандыгыбыз үчүн кубанычтабыз. Бул иш чара чың ден соолукта жашоо мүнөзүн элге жайылтат, идеологиялык туура баалуулуктарды жаштарга үйрөтөт, жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортчулардын арасындагы мамилени бекемдейт. Бардык спортчуларга спорттук мүнөз жана жеңиш үчүн эрк көрсөтүүнү каалайм», – деп Компаньон Банкынын Төрагасы Уланбек Термечиков ачылыш аземинде белгилеп кетти. Бул эки күндө кыздар жана балдар спорттук мелдештерде өздөрүнүн өлкөлөрүнүн намыстарын коргошту. Жыйынтыкта жалпы командалык эсептегенде, Казахстандын спортчулары биринчи орун, Өзбекстандын спортчулары –экинчи орун, жана Кыргызстандын дзюдочулары үчүнчү орунду алышты.

Read more »