– Технологиялык жабдууларды чыгарган россиялык өндүрүүчү «КОММАН Групп» ЖАК Айыл Банкта презентацияны өткөрдү

Технологиялык жабдууларды чыгарган россиялык өндүрүүчү «КОММАН Групп» ЖАК Айыл Банкта презентацияны өткөрдү

Бүгүн, 2016-жылдын 23-декабрында малды союу жана алгачкы кайра иштетүү үчүн технологиялык жабдууларды чыгарган россиялык өндүрүүчү «КОММАН Групп» ЖАК Айыл Банкта презентацияны өткөрдү.

Иш чарага Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Презентациянын жүрүшүндө чакан жана орто фермердик чарбалар жана ишканалар өндүрүштүн жана кайра иштетүүнүн заманбап жана натыйжалуу чечимдерине өтүү зарылчылыгы жөнүндө айтылды. Ошондой эле чыгарган продукциянын кайра иштетүүсү, сактоосу жана экспорту жөнүндө маселелер чагылдырылды.

Иш чаранын аягында угуучулар эттин кайра иштетүүсүнө тиешелүү суроолорду жана эт жана сүт продукциясын алгачкы кайра иштетүүсү боюнча чакан мал союу цехтерин куруу зарылчылыгы жөнүндө суроолорду беришти.

Маалымат үчүн: «КОММАН Групп» ЖАК – 2009-жылдан баштап иштеп келе жаткан, малды союу жана этти кайра иштетүү үчүн технологиялык жабдууларды жана даяр чечимдерди чыгарган россиялык өндүрүүчү.

FINCA Банктын Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясы

img_2164FINCA Банктын кызматкерлери «Help the Children-SKD» Кайрымдуулук фонду менен биргеликте Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы балдардын гематология бөлүмүндө кайрымдуулук акциясын өткөрдү.

Кан оорусуна жабыркаган балдарга оорукананын ичинде белек катары жаңы жылдык жомок тартууланды. Каалоолор жазылган эксклюзивдүү бокалдар, мөмө-жемиштер, көңүл көтөрүүчү куттуктоолор жана каалоолор, сыйкырдуу оюндарды көрсөткөн дарыгер-клоундар, Аяз ата жана Аяз кыз… Ал эми эң негизгиси, балдарды дарылоого эң керектүү кандын препараттарын тартулашты.

Read more »

Келе жаткан Жаңы 2017-жылыңыздар менен чың жүрөктөн куттуктайбыз!

Урматтуу кесиптештер жана достор!

Келе жаткан Жаңы 2017-жылыңыздар менен чың жүрөктөн куттуктайбыз!

Жаңы 2017-жылы Элибиз үчүн тынчтыктын, силер үчүн бакыт-таалайдын, зор жетишкендиктердин жылы болсун жана баардык ой-максаттарыңыз ишке ашсын. Жаңы жыл силерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана ачылыштарды алып келсин!

Терең урматтоо менен,
Кыргызстан банктарынын союзу

БТА Банк – Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусунун мыкты өнөктөшү

bta-best-bank-partner-22016-жылдын жыйынтыгы боюнча “БТА Банк” ЖАК чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн натыйжалуу жана сапаттуу тейлегендиги үчүн Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусунун мыкты банк-өнөктөшү деп табылды.
2016-жылдын 25-майынан тарта БТА Банк чакан жана орто бизнести каржылоого кредиттик тилкени берүү боюнча Фондунун расмий өнөктөшү болуп саналат. Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусу аркылуу жеке ишкерлер бизнести кеңейтүү жана негизги каражаттарды модернизациялоо үчүн жеңилдетилген кредиттерди алат, ал эми башкысы – пайыздык чендери төмөн болгон узак мөөнөттүү инвестицияларды алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Read more »