• Союз банков Кыргызстана при поддержке IFC, открыл Академию устойчивого развития

Компаньон Банкынын пайдалуу насыялоо шарттары

Банк Компаньон - бизнес кредитыКомпаньон Банкы АКШ долларындагы бизнес-кредиттери акциясынын мөөнөтүн узартты. 2017 жылдын февраль айынын аягына чейин ишкерлердин жүгүртүү каражаттарын толуктоо жана өндүрүш активдерине инвестиция кылуу үчүн жеңилдетилген пайыз чени боюнча – жылдык 12% менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар. Белгилей кетчү нерсе, бул пайыздык чен боюнча насыя алуу үчүн насыянын минималдуу суммасы 10 миң АКШ доллар болушу керек.

Ошондой эле,  Компаньон Банкы Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду менен кызматташтыгы алкагында жеңилдетилген насыяларды сунуштайт. Ишкерлер үчүн узак мөөнөттүү өндүрүш инвестициялары үчүн жылдык 12% чен менен комиссиясыз 5 жылга чейинки насыялар жеткиликтүү.

Read more »

– КР Улуттук банкы Демир Кыргыз Интернэшнл Банкына процессинг жана клиринг боюнча лицензияны берүү чечимин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2017-жылдын 11-январында «Демир Кыргыз Интернэшнл Банкы» ЖАКка үчүнчүжактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына, ошол процессинг жана клиринг борборуна берүү боюнча кызматтарды сунуштоо укугуна лицензияны берүү чечимин кабыл алды.