Кыргызстан банктар бирикмесинин президенти Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” наамына ээ болду.

24-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУда Экономика жана менеджмент институтунун 25 жылдыгына карата “Экономика, менеджмент, илим жана билим берүү: глобалдашуу жана санариптештирүү шартында туруктуу өнүгүүнүн чакырыктары жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын максаты бул глобалдашуу жана санариптештирүү шартында экономика, менеджмент, илим жана билим берүү тармагындагы талкуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле бул тармактарда туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн келечектүү жолдорун издөө болду.

Конференциянын алкагында Анвар Абдраевге И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Талантбек Курманбек уулу өз сөзүндө Экономика жана менеджмент институтунун демилгечилери жана негиздөөчүлөрү Феликс Законович менен Эльмира Рафаильевна Турдукуловдорду сый-урматын билдирип, алардын ак ниет эмгеги учун алкыш айтты. Ал ошондой эле институттун профессордук-окутуучулар жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди жана оптимизмди каалады.

Экономика жана башкаруу институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты, профессордун м.а. Калыбек Абдыкадыров конференциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, жемиштүү иш жана чыгармачылык маанай каалады.

Иш-чарага “Кыргызстан банктар союзу” АКБнын президенти Анвар Абдраев, “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров катышып, экономика тармагында квалификациялуу адистерди даярдап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, атап айтканда банк сектору жана көп жылдык кызматташуусу үчүн ыраазычылык каттарын тапшырышты. Экономика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Мээрим Койчуева куттуктоо сөзүндө жаш муундарды тарбиялоодо институттун ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пленардык отурумда экономика илимдеринин доктору, проф. А.А.Саякбаева, э.и.д., проф. А.А.Көчөрбаева, э.и.д., проф. Э.В.Самигуллин, э.и.д., проф. А.А.Ботобеков, э.и.д., проф. Н.И.Акылбекова, э.и.д., проф. А.А.Бексултановдордун докладдары угулду. Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасын жана тышкы соода байланыштарын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын санариптештирүү шартында бухгалтердик эсепти өнүктүрүү боюнча докладдар чоң кызыгууну жаратты.

Андан ары конференция 3 секцияда өттү:

  1. Экономика жана туруктуу өнүгүү: “Глобалдык экономикалык тенденциялар жана алардын туруктуулукка тийгизген таасири”. “Санариптик дүйнөдө инновация жана заманбап ишкердүүлүк”.
  2. Менеджмент жана лидерлик: “Геосаясий туруксуздуктун шарттарында стратегиялык башкаруу”. “Туруктуулукту камсыз кылуу үчүн ресурстарды жана уюмдарды башкаруу”.
  3. Билим берүү жана окутуу: “Билим берүүдөгү санариптик технологиялар: заманбап ыкмалар жана методдор”. “Туруктуу келечек үчүн кадрларды даярдоо: билим берүүдө ролу жана орду”.

Жалпысынан конференциянын жүрүшүндө 80ден ашык доклад угулду.

Конференциянын модераторлору баяндамалардын жогорку деңгээлин жана катышуучулардын экономиканын, менеджменттин, илимдин жана билим берүүнүн актуалдуу проблемаларына кызыгуусун белгилешти.

Конференция сертификаттарды тапшыруу менен аяктады.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.