«Айыл Банк» ААКсы VISAнын негизги жаңы катышуучусу болуп таанылды

27-декабрда, Жаңы жылдын алдында «Айыл Банк» ААКсы VISAнын негизги жаңы катышуучусу болуп таанылды.

VISAнын Кыргызстандагы өкүлү Лидия Муратова «New Visa Principal Member» жана «Strategic synergy for a promising year ahead» аттуу эки сыйлыкты «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Т.Б.Алимджановго тапшырды.

VISA International – дүйнө жүзү боюнча карталарды тейлөө тармагына ээ болгон эң чоң эл аралык төлөм системасы.

«Айыл Банк» ААК – бардык финансылык көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы орунда турган мамлекеттик банк болуп саналат.

2024-жылдын башында Айыл Банк VISA карталарын чыгарууну жана жемиштүү кызматташуунун башталышын пландоодо.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.