2016-жылдын 30-январынан 1-февралына чейин созулган иш сапарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Анкара шаарындагы Борбордук банктын башкы кеңсесинде болду. Анын жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов Түрк Республикасынын борбордук банкынын төрагасы Ердем Башчи менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнөтийиштүү бир катар экономикалык жана финансылык маселелерди талкууга алды.
Айыл Банк менен РСК Банкта ипотекалык насыялоо башталат
2016-жылдын 1-февралында Айыл Банк, РСК Банк жана “Мамлекеттик Ипотека Компаниясынын” ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге расмий кол коюу болуп өттү.
Ушул макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруу максатында түзүлдү.
Турак жайды сатып алууга берилген кредиттер конвертацияланууда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, коммерциялык банктардан АКШ долларында республикааймагынан турак жай сатып алуу үчүн кредиттерди алган жана улуттук валютанын өзгөрүлмөлүүлүгүнө байланыштуу оор жагдайга туш болгон жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, атайы тескеме чыгарды.
Мамлекеттик колдоо, турак жай сатып алуу үчүн АКШ долларында кредит (ипотека) алган жарандардын кредиттеринин негизги суммасы боюнча карыздарын Улуттук банктын 2015-жылдын 1-июлуна карата расмий курсу боюнча (1 АКШ доллары үчүн 62,1422 сом) улуттук валютага конвертациялоо максатында көрсөтүлөт.
Айыл Банк Ош шаарында жаңы филиалды ачып, байгелерди тапшырды
100% мамлекеттик банк болуп саналган Айыл Банк, олуттуу долбоорлордун каржылоосунун алкагында,социалдык мамлекеттик долбоорлорду өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу, анын ичинде чакан жана орто бизнести каржылоо максатында, ошондой эле калкты сапаттуу банктык кызматтары менен камсыздоо максатында, Ош шаарында жаңы филиалды ачты.
Банк тутуму жетиштүү көлөмдөгү АКШ долларына ээ
Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторуна туруктуу мониторинг жүргүзүп туруу менен зарылчылык келип чыккан шартта интервенцияларды ишке ашырат. Учурда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап (муктаждык) накталай түрдө сыяктуу эле, нак эмес түрдө да канааттандырылууда.
Бүгүн, 2016-жылдын 11-январында Улуттук банк валюта рыногунда туруктуулукту колдоп туруу максатында, накталай жана нак эмес түрдөчектөөсүз чет өлкө валютасын сатуу аркылуу рынокко катышкан.