• Подписан Меморандум о сотрудничестве между Союзом банков Кыргызстана и Государственным банком развития Кыргызской Республики

Турак жайды сатып алууга берилген кредиттер конвертацияланууда

MortgageКыргыз Республикасынын Өкмөтү, коммерциялык банктардан АКШ долларында республикааймагынан турак жай сатып алуу үчүн кредиттерди алган жана улуттук валютанын өзгөрүлмөлүүлүгүнө байланыштуу оор жагдайга туш болгон жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, атайы тескеме чыгарды.  

Мамлекеттик колдоо, турак жай сатып алуу үчүн АКШ долларында кредит (ипотека) алган жарандардын кредиттеринин негизги суммасы боюнча карыздарын Улуттук банктын 2015-жылдын 1-июлуна карата расмий курсу боюнча (1 АКШ доллары үчүн 62,1422 сом) улуттук валютага конвертациялоо максатында көрсөтүлөт.  

Read more »

Айыл Банк Ош шаарында жаңы филиалды ачып, байгелерди тапшырды

Айыл Банк Ош шаарында жаңы филиалды ачып, байгелерди тапшырды100% мамлекеттик банк болуп саналган Айыл Банк, олуттуу долбоорлордун каржылоосунун алкагында,социалдык мамлекеттик долбоорлорду өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу, анын ичинде чакан жана орто бизнести каржылоо максатында, ошондой эле калкты сапаттуу банктык кызматтары менен камсыздоо максатында, Ош шаарында жаңы филиалды ачты.

Read more »

Банк тутуму жетиштүү көлөмдөгү АКШ долларына ээ

NBKRУлуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторуна туруктуу мониторинг жүргүзүп туруу менен зарылчылык келип чыккан шартта интервенцияларды ишке ашырат. Учурда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап (муктаждык) накталай түрдө сыяктуу эле, нак эмес түрдө да канааттандырылууда. 

Бүгүн, 2016-жылдын 11-январында Улуттук банк валюта рыногунда туруктуулукту колдоп туруу максатында, накталай жана нак эмес түрдөчектөөсүз чет өлкө валютасын сатуу аркылуу рынокко катышкан. 

Read more »

– 2015-жылдын субсидияланган насыялоосу

article766
Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик жардамды көрсөтүү максаттарында, 2015-жылдын жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыкты жана айыл чарбадагы иштеп чыгаруучу секторунун  мындан аркы өнүктүрүүсү үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2015-жылдын 11-мартындагы №113 токтому менен “Айыл чарбаны каржылоо 3” долбоорун бекитти.

“Айыл Банк” ААК (мындан ары – Банк) өзүнүн менчик каражаттарынын эсебинен, жылдык 10 пайыз менен айыл чарбага насыяларды берет, ал эми Кыргыз Республикасынын каржы Министрлиги Банктын пайыздык кирешенин жоготууларын субсидиялайт. 9-10 пайыз менен айыл чарбанын насыялоосу, Банк мурда берген насыялар боюнча жоюлган  каражаттарынын эсебинен, 2014-жыл бою Банк тарабынан жүргүзүлөт, каржылоонун болжолдонгон суммасы 2 млрд. сомду түзөт.

2015-жылдын субсидияланган насыяларын алуунун шарттары

Субсидияланган насыялар боюнча жыйынтыкталган отчет:

-Агро кайра иштетүү

-Мал чарбачылык

-Өсүмдүк өстүрүүчүлүк

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүргүзүлүп келген кредиттик аукциондор боюнча төлөмдөрдү жабуу мөөнөтүн узартат

NBKRАйыл-чарбасын колдоо максатында жана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө таасир этүү үчүн Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарды кайра каржылоо максатында 2013-жылдан баштап, кредиттик аукциондор өткөрүлүп келет. Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондун алкагында сунушталуучу ресурстар коммерциялык банктарга өлкө экономикасынын приоритеттүүтармактарын кредиттөөгө, анын ичинде айыл-чарба өндүрүшүн кредиттөөгө дагы багытталышы керек. 

Ушул эле учурда кредиттик аукциондор алкагында берилип жаткан кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтүү максатында, кредит алуучулар үчүн максималдуу пайыздык чендерге чектөөлөр киргизилген. 20132014жылдары коммерциялык банктардын акыркы алуучуларына максималдуу пайыздык чен 17,92% өлчөмүндө коюлган, бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарбасын финансылоо” атайын программасына байланыштуу болду. 

Read more »