• Подписан Меморандум о сотрудничестве между Союзом банков Кыргызстана и Государственным банком развития Кыргызской Республики

Келе жаткан Жаңы 2017-жылыңыздар менен чың жүрөктөн куттуктайбыз!

Урматтуу кесиптештер жана достор!

Келе жаткан Жаңы 2017-жылыңыздар менен чың жүрөктөн куттуктайбыз!

Жаңы 2017-жылы Элибиз үчүн тынчтыктын, силер үчүн бакыт-таалайдын, зор жетишкендиктердин жылы болсун жана баардык ой-максаттарыңыз ишке ашсын. Жаңы жыл силерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана ачылыштарды алып келсин!

Терең урматтоо менен,
Кыргызстан банктарынын союзу

БТА Банк – Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусунун мыкты өнөктөшү

bta-best-bank-partner-22016-жылдын жыйынтыгы боюнча “БТА Банк” ЖАК чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн натыйжалуу жана сапаттуу тейлегендиги үчүн Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусунун мыкты банк-өнөктөшү деп табылды.
2016-жылдын 25-майынан тарта БТА Банк чакан жана орто бизнести каржылоого кредиттик тилкени берүү боюнча Фондунун расмий өнөктөшү болуп саналат. Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусу аркылуу жеке ишкерлер бизнести кеңейтүү жана негизги каражаттарды модернизациялоо үчүн жеңилдетилген кредиттерди алат, ал эми башкысы – пайыздык чендери төмөн болгон узак мөөнөттүү инвестицияларды алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Read more »

FINCA Банк “Бишкек инвестициялык форумуна 2016” демөөрчүлүк көрсөттү

finca2016

Жакынкы күндөрдө Бишкекте көп сандаган катышуучуларды жана Кыргызстандын расмий бийлигинин өкүлдөрүн жыйнаган, бул жылдын абдан маанилүү окуясы “Бишкек инвестициялык форуму 2016” болуп өттү.

Форумга Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты. Бизнес тармагынын өкүлдөрү дүйнөдөгү жана аймактагы экономикалык тренддерди, ошондой эле кызматташтыктын жаңы векторлорун талкууга алышты.

FINCA Банк учурдагы экономикалык тренддерди түшүнүүгө умтулат жана Кыргызстандагы ишкердикдин өнүгүүсүнө үзгүлтүксүз өз салымын кошуп келет.

Read more »

Банктын кардарлары КРнын экономика Министрлигинин ардактуу грамоталарына татыктуу болушту

1Бүгүн Бишкекте КРнын экономика Министрлиги жана  Азия Өнүкгүрүү Банкы өткөрүшкөн «Аялдар ишкерчилигиндеги бизнес чөйрөсүн жакшыртуу» конференциясынын жүрүшүндө Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев жана Азия өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн Өлкөлүк директору Кендис Мак-Дейган КРнын экономика Министрлигинин Ардак грамоталары менен «Бай Түшүм» банкынын кардарларын сыйлады. Аялдар ишкерчилиги долбоорун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыктары үчүн Каракол шаарынан Айнагүл Жамгырчиева жана Таластан Кенжебүбү Айылчиева Ардак грамотага татыктуу болушту.

Read more »

FINCA Банк Базар-Коргондогу “Үй-бүлөлүк медицина борборуна” жардам көрсөттү

finca071216FINCA Банк корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында медициналык мекемеге жардам көрсөтүү менен дагы бир долбоорун ишке ашырды.

FINCA Банктын Базар-Коргондогу филиалы “Үй-бүлөлүк медицина борборуна” оңдоо иштерин жүргүзүү демилгесин көтөрүп, аны иш жүзүнө ашырды. Базар-Коргондогу “Үй-бүлөлүк медицина борборунун” кызматкерлеринин алдында көп убактан бери таза суу менен камсыздоо көйгөйү турган. Медициналык мекеменин кызматкерлери өз күчтөрү менен таза сууну жакын жайгашкан мектептен алып келишип, колдонулган сууну өздөрү алып чыгышчу.

Read more »