«Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби” КРУБ тарабынан кабыл алынды

Биздин прогрессивдуу банктарга жана алардын кардарларына жагымдуу кабар жаралды. Кыргыз Республикасынан Улуттук банкынын Башкармасынын 2020 жылдын 13 майдагы № №2020-П-12/27-1-(НПА) токтомунун негизинде «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби” кабыл алынды. Бул деген кардарларды банкка келтиртпей тейлоого уруксат берилди десек болот.

Эми бул ыкма кардарларга банкка барбай туруп кайрылууга мумкунчулук пайда болгонун билдирет. Албетте, бардык операциялар эмес жана уруксат берилген операцияларга да максималдык сумма менен чектоолор коюлган. Бирок ошентсе да 21 кылымга татык болуп, алдынкы технологияларды колдонуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин айтылган санариптештируу саясатына дал келет.

Жаны озгоруулордун эн башкы озгочолугу бул кардарларды банктар фото жана видео аркылуу аралыктан идентификациялоо жана аларды верификациялоо. Башкача айтканда каалаган киши уйдон олтуруп же чет олкодо журуп банктардын атайын системасына арызды таштап, кийин банк кызматкери аны суроттон/видеодон жана паспортун негизинде таанып билип, анын айткан операциясын жасоого мумкучулук берет. Мисалга келтирсек, мамлекеттик бюджеттин пайдасына которуулар, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө максатында которуулар, жеке адамдар ортосунда которуулар, электрондук акчалардын ордун жабуу  толуктоо, а тугул нак акча же насыя алуу. Эми коп кишилер турган кезекте туруштун кажети жок, уйдон же жумуштан олтуруп салык же балдарыныздын окуусун толоп койсо болот.

Read more »