• Союз банков Кыргызстана при поддержке IFC, открыл Академию устойчивого развития

– Карта ээлери үчүн маалымат. Сак болуңуздар!

Сак болуңуздар! Интернет тармагында жана социалдык тармактарда банктык карталарын колдонуу аркылуу алдамчылыктын бир түрү күч алууда, колдонуучуларга ар түрдү сурамжылоолорго же сыйлык ыйгарылуусун  кепилдик берген утуштарга катышууну сунуш кылып жатышат. Сурамжылоого катышуу үчүн картанын берилмелери  киргизүү жана комиссияны төлөө зарыл. Банк  тааныш эмес сайттарда карталык операцияларды өткөрүүдөн баш тартууну жана төлөм жүргүзүлүүчү ресурстарды кылдаттык менен изилдөөнү сунуштайт.

Ошондой эле Банк товарлар жана кызматтар үчүн онлайн төлөм өткөрүүдө төмөнкү коопсуздук чараларын сактоону сунуштайт:

– төлөмдөрдү белгилүү дүкөндөрдүн сайттарынан же текшерилген интернет-ресурстарынан өткөрүү;

– адатта төлөм жүргүзүлө турган операцияларын санына / суммасына чектөө коюу;

– интернет-банкинг жана смс-кабарлоону туташтыруу;

– төлөм жүргүзүлүп жаткан түзмөктөрдө антивирустук программалардын өз убагында жаңыртылышын көзөмөлдөө;

– банктык картанын берилмелерин үчүнчү жактарга бербөө;

– белгисиз адамдардын суроо-талабына жооп катары каражаттарды которбоңуз жана чегербеңиз.

Банктык карталарды колдонууда коопсуздук чараларын сактоо, картадагы акча каражаттардын сакталышын камсыз кылат!

 

https://kicb.net/about/news/1357/

Электрондук продуктыларды жана кызматтарды коопсуз пайдалануу боюнча маалыматтык материалдары

Электрондук каржылык кызматтар COVID-19 пандемиясынын учурунда барган сайын маанилүү болуп баратат. Ушуга байланыштуу, Эларалык каржы корпорациясы (IFC) электрондук продуктыларды жана кызматтарды коопсуз пайдалануу боюнча маалыматтык материалдарды даярдады. Швейцариянын экономика боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO), Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү департаменти (DFID), “ФИНКА Банк” жана “Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы” мекемелер менен өнөктөштүктө чыгарылган.

Read more »