«Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби” КРУБ тарабынан кабыл алынды

Биздин прогрессивдуу банктарга жана алардын кардарларына жагымдуу кабар жаралды. Кыргыз Республикасынан Улуттук банкынын Башкармасынын 2020 жылдын 13 майдагы № №2020-П-12/27-1-(НПА) токтомунун негизинде «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби” кабыл алынды. Бул деген кардарларды банкка келтиртпей тейлоого уруксат берилди десек болот.

Эми бул ыкма кардарларга банкка барбай туруп кайрылууга мумкунчулук пайда болгонун билдирет. Албетте, бардык операциялар эмес жана уруксат берилген операцияларга да максималдык сумма менен чектоолор коюлган. Бирок ошентсе да 21 кылымга татык болуп, алдынкы технологияларды колдонуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин айтылган санариптештируу саясатына дал келет.

Жаны озгоруулордун эн башкы озгочолугу бул кардарларды банктар фото жана видео аркылуу аралыктан идентификациялоо жана аларды верификациялоо. Башкача айтканда каалаган киши уйдон олтуруп же чет олкодо журуп банктардын атайын системасына арызды таштап, кийин банк кызматкери аны суроттон/видеодон жана паспортун негизинде таанып билип, анын айткан операциясын жасоого мумкучулук берет. Мисалга келтирсек, мамлекеттик бюджеттин пайдасына которуулар, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө максатында которуулар, жеке адамдар ортосунда которуулар, электрондук акчалардын ордун жабуу  толуктоо, а тугул нак акча же насыя алуу. Эми коп кишилер турган кезекте туруштун кажети жок, уйдон же жумуштан олтуруп салык же балдарыныздын окуусун толоп койсо болот.

Ушундай жаны ыкмалар банктар менен мамилердин революциясы деп атаса болот. Мындай 10 же 15 жыл мурун айтылып жургон, бирок фантастика катары кабыл алынган нерселер эми ишке ашып жаткан кез. Ар бир банк Кыргыз Республикасынан Улуттук банкынын рекомендациясын эске алып айтылган озгоруулорду озунун ишмердуулугно киргизсе болот. Албетте, ар бир жаны ыкмалар созсуз турдо ар кандай тобокелдерди камтыйт, бул жонундо козомол органы актысында озунчо белгилеген жана ошол нерселерге маани беруу жонундо айтылган. Себеби мыйзамсыз товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр,  терроризмди жана экстремизимди каржылоо, салыктарды төлөөдөн баш тартуу, коррупциялык тобокелдиктер, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди контролго алынбаган секторго чыгаруу тобокелдиктери ото кучойт, ошондуктан банктар кошумча чараларды уюштурууга зарыл.

Жогоруда айтыландар дагы бир жолу банктык сектор Кыргыз Республикасынын улгулуу сектордун бир катары деп тастыкталды жана жаны технологияларды киргизуудо алдынкы лидерлердин бири болду. Ушундай ыкмалардын негизинде тейлоо сапаты кенейтилип, жарандарга жагымдуу мумкунчулуктор ойлонуп табылып жана алардын койгойлорун чечууго багытталган. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынан Улуттук банкыны ото прогрессивдуу коз карашты корсотуп, мамлекеттик органдардын арасынан биринчилерден болуп жаны доордун артыкчылыктарын жарандарыбызга жана дегээле коомго сунуштап, алдыда турган маселелерди жоюга арналган.

 

Джусупов Акылбек Тойчуевич

ААК “РСК Банкы”

Юридикалык департаментинин жетекчиси

 

 

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.