KICB коронавирус менен күрөшүү иш чараларына 2 млн. сом жөнөттү

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясын жайылтууга жол бербөө иш чараларын колдоо маскатында «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» ЖАК (KICB) коронавирусту жайылтууга жол бербөө иш чараларын каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы Министрилигинин Борбордук Казыналыгынын атайын эсебине 2 000 000 сом которду.

Банк мындан ары да коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө өз салымын кошууну улантат, анткени бул оор кырдаалды биргелешкен күч-аракетибиз менен гана жеңе алабыз!

Өзүңүздөр жана жакыдарыңыздар үчүн кам көрүңүздөр!

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.