• Союз банков Кыргызстана при поддержке IFC, открыл Академию устойчивого развития

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын жаңы төрайымы болуп Алия Чыныбаева дайындалды

Директорлор Кеңешинин чечими менен «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын төрайымынын кызмат ордуна Алия Толюгеновна Чыныбаева 2021-жылдын январынан тартып дайындалды.

Жамаатка жаңы жетекчини Банктын Директорлор Кеңешинин Төрайымы Жаннат Сагындыковна Сатубалдина тааныштырды. Бул тууралуу Банктын пресс-кызматы билдирет.

Алия Чыныбаева Казахстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Россиянын банктык чөйрөлөрүндө 25 жылдан ашык иштеген тажрыйбасы бар. Ошондой эле, ар кайсы убакта ар кандай финансылык уюмдардын Директорлор Кеңешинин курамына кирүү менен корпоративдик башкарууда абдан бай тажрыйбага ээ.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалганга чейин Алия Толюгеновна Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Башкы Директор катары Visa эл аралык  компаниясында иштеген.

Башкармалыктын жаңы төрайымынын өмүр баяны менен ушул шилтеме боюнча кененирээк таанышсаңыздар болот.

Read more »

Алдыда узакка созулган дем алыш күндөр: бир саат аралыгында “Керемет Банктын” мобилдик тиркемеси менен дасторконду кантип укмуштуу кылып толтурууга болот

Даяр тамакты жеткирип берүү көп учурда корпоративдик, үй бүлөөлүк отуруштар жана достордун жолугушуусу учурунда абдан жардам берип келет – NambaFood сервиси менен кызматташтыктан улам “Керемет Банктын” кардарлары өздөрү жана меймандары үчүн борбор калаанын эң мыкты кафе жана ресторандарынан түркүн тамактарды күнү-түнү алдыруу менен дасторконду тез арада толутуруп алуу мүмкүнчүлүгүн алышкан.

Жеткирип берүү буюртма таризделинген тартып бир саат аралыгында жүзөгө ашырылат.

Даяр тамактардын тышкары тиркеме аркылуу күнү-түнү китеп, зоотоварларды, гүлдөрдү, канцеляриялык товарларды, суусундуктарды жана көптөгөн товарларды буюртма кылып, ушул эле жерде өз буюрмаларга мобилдик тиркеме аркылуу төлөөнү ишке ашырууга болот.

Read more »

«Элсом» электрондук капчыгын толтуруу үчүн “Оптима24” интернет банкингде жана «Оптима Банктын» төлөм терминалдарында комиссия төмөндөдү

Эми, «Элсом» электрондук капчыкты толтургандыгы үчүн, Банктын бардык төлөм терминалдарында жана «Оптима24» интернет банкингде  комиссия 1,7%га чейин төмөндөдү.

Read more »

31-октябрь күнү – Дүйнөлүк сактык (каражат топтоо) күнү!

31-октябрь күнү өлкөбүз Дүйнөлүк сактык (каражат топтоо) күнүн алтынчы ирет белгилейт. Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча да белгиленип келет.  

Бул иш-чаранын максаты  балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. 

Дүйнөлүк сактык күнүнүн негизги милдети  калктын каражат топтоо маданиятын калыптандыруу, себеби каражат топтоо адамдарга өз келечегин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет: алсак, балдарга билим берүү, турак жай, автоунаа сатып алуу, саякаттоо ж.б. 

Жылдан-жылга Дүйнөлүк сактык күнүн өткөрүү балдар менен жаштар арасында кеңири белгилүү болуп, аны өткөрүү чөйрөсү да кеңейип келет. 

Бул жылы бардык социалдык ченемдерди сактоону эске алуу менен Дүйнөлүк сактык күнүн белгилөө онлайн форматында өтөт. 

Коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, Улуттук банктын, жана башка финансылык мекемелердин өкүлдөрү социалдык тармактар аркылуу калкка каражат топтоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берип, топтолгон каражатты сактоонун жана көбөйтүүнүн ар кандай ыкмалары менен тааныштырышат.

“Керемет Банк” орусиянын «Россельхозбанк» АКсы менен тикелей корреспонденттик мамилелер орногондугу тууралуу билдирет

«Керемет Банк» орусиялык «Россельхозбанк» ААК менен түздөн-түз корреспонденттик мамиле түздү.
Россиянын эң ири банктарынын бири – «Россиянын Айыл чарба банкы» («Россельхозбанк») — «Керемет Банкка» үч негизги валютада корреспонденттик эсеп ачкан: рубль, доллар жана евро.
«Россельхозбанк» ААК сыяктуу ири жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн болушу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы экспорттук-импорттук операциялар боюнча эл аралык өз ара эсептешүүлөрдү кеңейтүүгө жана тездетүүгө өбөлгө түзөт.

Read more »