31-октябрь күнү – Дүйнөлүк сактык (каражат топтоо) күнү!

31-октябрь күнү өлкөбүз Дүйнөлүк сактык (каражат топтоо) күнүн алтынчы ирет белгилейт. Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча да белгиленип келет.  

Бул иш-чаранын максаты  балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. 

Дүйнөлүк сактык күнүнүн негизги милдети  калктын каражат топтоо маданиятын калыптандыруу, себеби каражат топтоо адамдарга өз келечегин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет: алсак, балдарга билим берүү, турак жай, автоунаа сатып алуу, саякаттоо ж.б. 

Жылдан-жылга Дүйнөлүк сактык күнүн өткөрүү балдар менен жаштар арасында кеңири белгилүү болуп, аны өткөрүү чөйрөсү да кеңейип келет. 

Бул жылы бардык социалдык ченемдерди сактоону эске алуу менен Дүйнөлүк сактык күнүн белгилөө онлайн форматында өтөт. 

Коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, Улуттук банктын, жана башка финансылык мекемелердин өкүлдөрү социалдык тармактар аркылуу калкка каражат топтоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берип, топтолгон каражатты сактоонун жана көбөйтүүнүн ар кандай ыкмалары менен тааныштырышат.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.