• Состоялся первый круглый стол на тему: «Разработка и реализация программ обучения ответственному банковскому делу в Центральной Азии».

Ѳздүк процессинг борбору

DemirBank – 2002-жылдан бери Кыргызстанда жайгашкан Процессинг борбору бар Кыргызстандагы биринчи банк. Бул биздин кардарларга, VISA жана Mastercard карталарынын ээлерине геосаясий кырдаалга карабай, терминалдык тарамдын ичинде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү ыкчам алууга мүмкүндүк берет!

Бүгүнкү күнү DemirBankтын карталары Кыргызстандын аймагында жана Россия Федерациясын кошпогондо, чет ѳлкѳлѳрдѳ кадимки режимде иштеп жаткандыгын эсиңиздерге салгыбыз келет!

Ѳздүк процессингдик борбор тѳмѳнкүлѳргѳ мүмкүндүк берет:

  • Кардарларга сапаттуу жана ыкчам кызмат кѳрсѳтүүнү жүзѳгѳ ашырууга, жүргүзүлгѳн транзакцияларды онлайн режимде иштеп чыгууга
  • Ѳз алдынча мониторинг жүргүзүүнү жүзѳгѳ ашырууга жана карточкалар боюнча алдамчы операцияларды контролдоого
  • Банкоматтар тарамын жана POS-терминалдарды үчүнчү жактардын жардамысыз ѳнүктүрүүгѳ
  • Карталарды даярдоого жана тейлѳѳгѳ кардарлардын тапшырыктарын ыкчам аткарууга
  • Кардарлар, эсептер, транзакциялар жѳнүндѳ купуя маалыматтарга үчүнчү жактар тарабынан киришин жокко чыгарууга

Read more »

«ЭЛКАРТ Улуттук төлөм системасы фишинг (шектүү) сайттарын колдонуу аркылуу жасалма транзакциялар болуп жаткандыгы жөнүндө маалымдайт.

Бүгүнкү күндө шылуундар төмөнкүдөй иш-аракеттерди кылышат:

  1. Сатып алуучунун атын жамынып алып, Шылуундар товарларды сатуу жөнүндө жарнамалар жарыяланган сайттардын/тиркемелердин колдонуучуларына кайрылып жеткирүү кызматы/компаниялары аркылуу товарларын сатып алууну сунуштайт.
  2. Эгерде Сатуучу ушул жол менен төлөмдү алууга макул болсо, Шылуундар  жасалма туура эмес (фишинг) сайтына шилтеме жөнөтөт, жана ал сайт аркылуу Сатуучунун картасынын маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк алат.
  3. Шылуундардын максаты – Сатуучунун картасынын маалыматтарын билүү жана анын акча каражаттарын алуу, бирок бул үчүн Шылуундар Сатуучуга келген тастыктоочу SMS-кодду дагы киргизүүсү керек.
  4. Сатуучу тастыктоочу SMS-кодду алгандан кийин аны Шылуундарга жөнөтөт, жана буюму үчүн акча каражат алам деп күтөт, бирок анын ордуна, Шылуундар Сатуучунун картасынан акча каражаттарды чыгарып кетиши мүмкүн.

Read more »

KICB өнөктөштөрү менен биргеликте экологиясын жакшыртуу максатында 14 000 ашуун көчөт отургузушту

2021-жылдын 6-апрелинде Кыргыз-Инвестициялык Кредит Банкынын дегмилгеси боюнча «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун, Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун жана Кумтөр Голд Компанинин колдоосу менен  түзүлгөн “Жашылдандыруу Фонду”  Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан №11 жаңы бала бакчага бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн отургузушту.

Мектептерде жана бала бакчаларда микроклиматты сактоо максатында Банктын жана өнөктөштөрдүн демилгеси менен жылына миңден ашуун жаңы көчөттөр отургузулат. Тигилип көгөрүп турган бак-дарактар  ​​кычкылтек бөлүп чыгарып, абанын температурасын жөнгө салып, токсиндерден тазалап, борбор үчүн жагымдуу микроклиматты камсыз кылат.

Read more »

KICB: Студенттер үчүн экскурсия: «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы»

23-мартта KICBнин Башкы Кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Президентине Караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын 2-курсунун студенттери үчүн экскурсия өткөрүлдү. Иш-чара “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын”(Global Money Week) алкагында өткөрүлдү, жаштар арасында өздөрүнүн каржыларын тескөөнү үйрөтүү менен каржылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган бүткүл дүйнөлүк кыймыл болуп саналат.

KICBге өткөрүлгөн экскурсиянын алкагында, балдар банктык кызматтарын көрсөтүү процесси кантип жүрүп жаткандыгын, бөлүмдөр эмне иш алып барарын билип, Банктын кызматкерлери менен кызыктуу темаларда сүйлөшө алышты. Башкы офисте экскурсия аяктагандан кийин, студенттер KICBнин Окутуу Борборуна “Жеке каржыларды башкаруу, банктык карталар жана депозиттер” лекциясына чакырылды.

Read more »

КР Президентинин «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Президенти «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын финансы рыногун өнүктүрүү жана аны санариптештирүү процессин ылдамдатуу, жарандардын жана ишкерлердин финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, бул секторго инвестициялардын келүүсү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып токтом кылынат:

  1. Жаңы технологияларды киргизүү жана финансы продукттарын (кызмат көрсөтүүлөрүн) санариптештирүү, аларды бүткүл калк жана ишкердик субъекттери үчүн жеткиликтүү кылуу, инвестициялар жана финансы операциялары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, эл аралык финансы рыногуна интеграция болуу, өлкөнүн калкынын аманаттарынын деңгээлин көтөрүү Кыргыз Республикасынын финансы рыногун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири деп эсептелсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын катышуусунда сунушталсын:

— накталай эмес жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтүү жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү үчүн накталай төлөмдөрдү жүргүзүүдө босоголук суммаларды белгилөөнү караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү;

Read more »