Жылдык 6% өйдө чени менен Агрокредиттер («Айыл чарбасын каржылоо-7» программасынын алкагында)

«Халык Банк Кыргызстан» ААК «Айыл чарбасын каржылоо-7» программасынын алкагында фермерлерге (дыйкандарга) ыңгайлуу шарттарда агрокредиттерди берет:

Жылдык 6% – «айыл чарба продукциясын кайра  иштетүү» тармагын өнүктүрүү үчүн;

Жылдык 8% – багбанчылыкты өнүктүрүү үчүн, ошондой эле асыл тукум малды сатып

алуу үчүн;

Жылдык 10% – мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү тармагын өнүктүрүү үчүн берилет.

Read more »

«Халык Банк Кыргызстан» ААКнын болүмдөрү аркылуу Казакстандын төлөм карталарын толуктоо

«Халык Банк Кыргызстан» ААК төлөм карталары менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрүн активдүү түрдө өнүктүрүп келе жатат.

Ар кандай иштери менен Кыргызстанда да, Казакстанда да көпкө жүргөн жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн биз кошуна өлкөнүн ири банктары: «Казакстан Эл Банкы» АК жана  «Казкоммерцбанк Казакстан» АК тарабынан чыгарылган төлөм карталарын биздин банктын кассалары аркылуу толуктоо боюнча кызмат көрсөтүүнү ишке киргиздик.

Бул кызмат өз убагында киргизилди, себеби Кыргызстан жана Казакстандын ортосунда тыгыз байланыштар түзүлгөн жана көпчүлүк жарандарда эки өлкөнүн тең төлөм карталары бар.

Read more »

– «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын филиалынын Каракол шаарында ачылышы

Каракол шаарында 6-февралда «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын филиалы расмий түрдө ачылды! Жаңы филиал «Халык» тобунун бардык талаптарына, тактап айтканда, бөлүмдөрдүн жабдылышы,  дизайны жана жасалгасы жагынан бардык талаптарга жооп берет.

Биз Каракол шаарынын тургундарына, жеке жактар үчүн, ошондой эле юридикалык жактар үчүн да:

  • кредиттер;
  • депозиттер:
  • акча которуулар;
  • эсептешүү-кассалык тейлөө;
  • төлөм карталарын (VISA, Элкарт) чыгаруу;
  • жеке компаниялар жана мамлекеттик мекемелер үчүн эмгек акы долбоорлору

сыяктуу банктык кызматтардын бардык түрүн көрсөтүп жаткандыгыбызга абдан кубанычтабыз.

Филиалдын расмий ачылышында Банктын жетекчилигинен тышкары, ушул кубанычтуу окуяны биз менен бирге бөлүшүү үчүн атайын келишкен биздин кардарлар жана өнөктөштөр да катышышты. Майрамдык салтанаттуу кызыл лентаны «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасы  Айкын Темиртасович Кабулов жана филиалдын директору Альбина Асанова бирге кесишти.

Альбина Асанова: «Бүгүнкү биздин филиалдын ачылышына катышкандардын бардыгынын жакшы каалоо-тилектери жана жылуу сөздөрү үчүн аларга ыраазычылымды билдирем! Биздин аймактын тургундарына, биздин кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана банктык секторду өнүктүрүү үчүн биз бардык күчүбүздү жумшайбыз»,- деп белгилөө менен сөзүн аяктады.

Бардыгыңыздарды Каракол шаары, Токтогул көчөсү, н/ж (болжолдуу багыт, «Триада-ДМ» СБ имараты) дареги боюнча күтөбүз. Телефон: +996 (3922) 5-51-41.

Иштөө режими: бир жумада беш күн, саат 9:00 дөн 17:30 чейин, тыныгуу 13:00 дөн 14:00 чейин. Дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби.

 

БАНК ТУУРАЛУУ:

  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК, 2018-жылы өзүнүн 95-жылдыгын белгилеген «Казахстан Эл Банкы» АКнын туунду компаниясы болуп саналат.
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК өзүнүн ишмердигин Кыргызстандын финансылык рыногунда 14 жылдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү жүргүзүп келе жатат.
  • Бүгүнкү күндө жалпы Кыргызстан боюнча «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын 19 бөлүмү бар: Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Кара-Балтада, Чолпон-Атада, Караколдо, Өзгөндө, жана Ноокатта.
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК универсалдуу банктын статусуна ээ жана өзүнүн ишмердигин № 044 банктык лицензиясынын негизинде жүргүзөт.
  • Мамлекеттер аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө карата Банктын кардарларын тейлөө үчүн Германиянын, АКШнын, Россиянын жана Казакстандын ири банктары менен корреспонденттик мамилелер түзүлгөн.

“Оптима Банк” Кыргыз Республикасынын бардык банктарынын VISA карта ээлери үчүн “Моментальные переводы VISA2VISA” кызматы ишке киргенин кабарлайт!

Кыргыз Республикасынын бардык банктарынын VISA карталары менен Сиз КР ичинде башка VISA карталарга акча которо аласыз, а Оптима Банктын төлөө картасынын ээлери башка өлкөлөрдүн карталарына акча которо алышат. Кызматка кошулуу үчүн Оптима Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылыңыз болот. Кызмат аркылуу акча которууларды азыркы убакта Банктын каалаган банкоматтарында орундата аласыздар.

NEW BISHKEK-2018 шаардык демилгелер конкурсу

Дареги: “Кабар” маалымат агенттиги, Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 175
Убактысы:
24-май, 2018-жыл, саат 11.00

Экинчи ирет өткөрүлүп жаткан NEW BISHKEK-2018 шаардык демилгелер конкурсуна арналган пресс-конференцияга каалоочулардын баарын чакырабыз.

Катышуучулар:
Назакат Асланова – “ФИНКА Банк” ЖАКнун төрагасынын орун басары;
Разаматова Рано – Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин аткаруучу директору;
Элнура Калыбаева – Жаштарды өнүктүрүү институтунун аткаруучу директору.

Read more »