NEW BISHKEK-2018 шаардык демилгелер конкурсу

Дареги: “Кабар” маалымат агенттиги, Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 175
Убактысы:
24-май, 2018-жыл, саат 11.00

Экинчи ирет өткөрүлүп жаткан NEW BISHKEK-2018 шаардык демилгелер конкурсуна арналган пресс-конференцияга каалоочулардын баарын чакырабыз.

Катышуучулар:
Назакат Асланова – “ФИНКА Банк” ЖАКнун төрагасынын орун басары;
Разаматова Рано – Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин аткаруучу директору;
Элнура Калыбаева – Жаштарды өнүктүрүү институтунун аткаруучу директору.

Шаардагы актуалдуу маселелерге кайдыгер карабаган коом мүчөлөрүн тартууну максаттаган  конкурс “ФИНКА Банк” жабык акционердик коомунун каржылоосу менен Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги жана Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан ишке ашырылууда.

Биринчи конкурстун жыйынтыгында үч долбоор ишке ашырылган:
– шаар ичине отургучтар орнотулган;
– павловния дарактары отургузулган;
– №3 шаардык китепкананын жанындагы коомдук жай жакшыртылган.

Конкурс төмөнкү үч багытты камтыйт:

  1. Ачык коомдук жаштар жайлары – эс алуу жана иштөөгө креативдүү шарт түзгөн долбоорлор, спорт аянтчалары каралат;
  2. Public art – инсталлляциялар, шаардык маарекелер, социалдык стартаптар жана башкалар кабыл алынат;
  3. IT-чечим – колдонмолорду, сайттарды ж.б. иштеп чыгууга багытталат.

Конкурска Кыргыз Республикасынын 14 жаштан жогору болгон бардык жарандары, бирикмелер жана топтор катыша алат. Архитекторлордун, IT-адистеринин, сүрөтчүлөрдүн жана дизайнерлердин, ошондой эле көркөм өнөр бөлүмдөрүндө билим алган студенттердин катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.

Ар бир номанациянын жеңүүчүсүнө 300$ сыйлык акы жана  өз демилгесин ишке ашырууга 2000$ берилет.

Кошумча суроолор боюнча:
– Айдин Султановго +996 556 633 006 номери же sultan.aidin13@gmail.com электрондук почтасы аркылуу (Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги);
– Назик Мамасадыковага +996 706 012343 номери же nazik.mamasadykova@dr.kg электрондук почтасы аркылуу (Жаштарды өнүктүрүү институту) байланышсаңыздар болот.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.