1. 1
  2. 2
  3. 3
  4. 4

Мамлекеттик Ипотекалык Компания жана Бакай Банкы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту

2017-жылдын 2-февралында  “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционеридик коому (МИК) Башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович, “Бакай Банкы” ачык акционердик коомунун (Бакай Банкы)  Башкармасынын төрагасы  Уманкулов Аалы Болотович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын (мындан ары Программа) жүзөгө ашыруунун чегинде кызматташуу тууралуу Генералдык келишимге кол коюшту.

Бактыбек Шамкеев бул иш-чаранын олуттуулугун, өнөктөш банктардын катарынын өсүшү Программанын катышуучулары үчүн ынгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи. “Бакай Банкы” бүгүн МИКтин 12- өнөктөш банкы катары эсептелет. Бул республикабызда ипотекалык насыялоо ишинин алга натыйжалуу жылышына өбөлгөлөрдүн бири болот деди МИК төрагасы. Программанын алкагында бүгүнкү күнгө карата 800гө жакын ипотекалык насыя берилип, жалпы суммасы 900 млн. сомдон ашты. “Бакай Банкы” турак жай  ипотекалык программасын жүзөгө ашырууда биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз катары ишин ийгиликтүү улантарына ишенебиз.

Read more »

Компаньон Банкынын пайдалуу насыялоо шарттары

Банк Компаньон - бизнес кредитыКомпаньон Банкы АКШ долларындагы бизнес-кредиттери акциясынын мөөнөтүн узартты. 2017 жылдын февраль айынын аягына чейин ишкерлердин жүгүртүү каражаттарын толуктоо жана өндүрүш активдерине инвестиция кылуу үчүн жеңилдетилген пайыз чени боюнча – жылдык 12% менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар. Белгилей кетчү нерсе, бул пайыздык чен боюнча насыя алуу үчүн насыянын минималдуу суммасы 10 миң АКШ доллар болушу керек.

Ошондой эле,  Компаньон Банкы Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду менен кызматташтыгы алкагында жеңилдетилген насыяларды сунуштайт. Ишкерлер үчүн узак мөөнөттүү өндүрүш инвестициялары үчүн жылдык 12% чен менен комиссиясыз 5 жылга чейинки насыялар жеткиликтүү.

Read more »

– КР Улуттук банкы Демир Кыргыз Интернэшнл Банкына процессинг жана клиринг боюнча лицензияны берүү чечимин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2017-жылдын 11-январында «Демир Кыргыз Интернэшнл Банкы» ЖАКка үчүнчүжактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына, ошол процессинг жана клиринг борборуна берүү боюнча кызматтарды сунуштоо укугуна лицензияны берүү чечимин кабыл алды. 

 

FINCA Банктан балдар үчүн Жаңы жылдык майрам

finca-new-year-2017FINCA Банктын бардык филиалдарында 2016-жылдын 17-декабрынан 30-декабрына чейин жаңы жылдык балаты оюндары болуп өттү. Өлкөнүн бардык аймагындагы FINCA Банктын кардарларынын 5 жаштан 10 жашка чейинки 1100дөн ашык баласы Аяз ата, Аяз кыз, клоундар жана фокусчулар менен Жаңы жылдык балаты оюндарына катышты.

Банктын Башкы жана 24 филиалынын кеңсесинде атайын кичинекей меймандар үчүн оюн-зоок программалар уюштурулган. Анда ар бир бала кызыктуу конкурстарга жана оюндарга күбө болду. Кооз жасалгаланган иш чаралар  балдарды да, алардын ата-энелерин да кайдыгер калтырган жок. FINCA Банктын кызматкерлери да балдарды куттукташты, ал эми ар бир оюн-зооктон кийин балдарга Аяз ата таттуу белектерди берди. Бардык кичинекей көрүүчүлөр чоң кубанычка бөлөнүшүтү.

Read more »

«Бай Түшүм» Банкы уставдык капиталын 790 млн.сомго чейин көбөйттү

baitushum-capital«Бай Түшүм» Банкынын акционерлеринин 2016-жылдын 14-октябрында өткөн кезексиз жалпы чогулушунда  банктын финансылык туруктуулугун бекемдөө максатында уставдык капиталды 75 млн. сомго көбөйтүү боюнча чечим кабыл алынган. Каттоо боюнча зарыл болгон бардык  иштер бүткөрүлгөн бүгүнкү күндө «Бай Түшүм» Банкынын уставдык капиталынын өлчөмү 790 млн. сомду түздү. Ошентип, банктын көбөйтүлгөн уставдык капиталынын суммасы, 2015-жылдын 11-мартындагы Токтомго ылайык,  иштеп жатышкан коммерциялык банктардын капиталы, 2017-жылдын 1-июлуна карата 600 млн. сомду түзүүгө тийиш экендигин аныктаган Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын регулятивдик талабынан жогорку өлчөмдү түздү.

Read more »