– FINCA Bank жана «Ысык-Көл толкуну» радиосу «Финансы алиппесинин» экинчи этабын ишке киргизүүдө

8-июнда «Ысык-Көл толкуну» радиосунун эфиринде «Финансы алиппеси» радиоберүүсүнүн экинчи этабы чыкты.

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча демилгени FINCA Bank жана «Ысык-Көл толкуну» радиосу биргеликте ишке киргизди. Орус тилиндеги үч мүнөттүк чыгарылыштын биринчи бөлүгүн Ысык-Көл облусунун тургундары апрель айында угушкан.

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу FINCA Bank ишмердүүлүгүнүн бирден-бир багыты болгондуктан, ал радиоберүүлөрдүн демөөрчүсү гана болбостон, жеке финансыны, насыяларды, депозиттерди башкаруу жана башкалар тууралуу маалыматтарды да сунуштайт.

Радиоберүүнү 6-июлга чейин Караколдо FM 107.7 жана Чолпон-Атада FM 107.5 жыштыгынан күн сайын саат 7:30, 8:30, 9:30, 10:30, 11:30, 12:30, 13:30, 14:30, 15:30,16:30,17:30 жана 18:30да угууга болот.

 

 

FINCA Банк балдарды майрамы менен куттуктады

FINCA Банктын башкы кеңсесинин жана филиалдарынын кызматкерлери ар түрдүү балдар мекемелеринин тарбиялануучуларын Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттукташты.

FINCA Банк кызматкерлердин балдары үчүн «Маш ботой» спорттук оюн-зоок майрамын уюштурду.

Бишкек филиалынын жамааты Жер-Казар айылындагы «Нур-Бакча» балдар бакчасына барышып, балдарга оюнчуктарды жана таттуу белектерди тартуулашты.

Кербен филиалынын кызматкерлери «Арча-Бешик» балдар бакчасынын тарбиялануучуларына ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү оюнчуктарды тапшырышты.

Алардын Караколдогу кесиптештери Акбулун айылындагы «Балажан» балдар бакчасына балдардын эмеректерин тапшырышты, андан сырткары Кызыл-Суу айылындагы «Келечек» балдар үйүнө жана Күрмөнтү айылындагы балдар бакчасына да белектер жөнөтүлдү.

Нарын филиалы жаңы ачылган «Айдай» балдар бакчасына кир жуугуч машинаны белекке берди.

Read more »

FINCA Банк эки каржы форумун колдоду

Бишкек шаарындагы «Орион» мейманканасында 2-июнда Бизнес-жолугушуу болуп өттү. FINCA Банк Кыргыз Республикасынын Соода – өнөр-жай палатасы тарабынан уюштурулган бул иш чаранын башкы демөөрчүсү болду. Башкармалыктын Төрайымынын орун басары Кай Ильм Банктын продуктулары жана кызматтары жөнүндө бетачарды сунуштап, банктын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Бизнес-жолугушууну өткөрүүнү колдогондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Соода – өнөр-жай палатасынын Президенти FINCA Банкка ыраазычылык катын тапшырды.

Ошондой эле, FINCA Банк демөөрчүлөрдүн бири катары Бишкек эл аралык каржы форумун (BIFF) өткөрүүнү колдоду, бул форум быйыл «Рынок чакырыгы жана тренддер» темасына арналган. Анын уюштуруучусу – Кыргызстан банктар союзу.

Форум 2-3-июнда Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өттү. Форумга КР Президентинин Аппарат башчысы Сапар Исаков, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев, КРУБ Төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Кыргызстан банктар союзунун президенти Анвар Абдраев, Германиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлү Касьен Онезорге жана башкалар катышты.

Read more »

Компаньон Банкы кардарларды коргоо негиздерин сактагандыгы үчүн Smart Campaign эл аралык тастыктамасын алды.

Kompanion_2017 certificate

Тейлөөнүн эң   жогорку стандарттарына умтулуу менен, Компаньон Банкы финансылык тармакта эл аралык деңгээлде кабыл алынган социалдык-жоопкерчиликтүү насыялоо эрежелерин сактайт. 2017 жылдын апрель айында Компаньон Банкы MicroFinanza Rating рейтинг агенттигинин көз карандысыз тактыкташтыруусун ийгиликтүү өттү. Бул дагы бир жолу Компаньон Банкынын Smart Campaign дүйнө жүзүндө пропагандалаган кардарларды коргоо негиздерин сактаганын ырастайт.

«Компаньон Банкы Кыргызстандын калкына сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо боюнча өзүнүн стратегиясын ишке ашырууну улантууда. Биз кардарларга кам көрүүгө өзгөчө көңүл бөлөбүз жана эл аралык жогорку баалоону алуу – биздин туура багытта баратканыбыздын көрсөткүчү. Кардарлардын ишеними – биздин негизги жетишкендик. Азыркы убакта бүткүл Кыргызстан боюнча 96 миң кардарлар биз менен иштешет жана бизге ишенишет. Биз алардын ар бирөө менен өз ара ишеним, сый жана чындык негизинде өнөктөш мамилелерин курабыз», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы   Уланбек Термечиков белгиледи.

Smart Campaign тастыктамасын алуу  Компаньон Банкынын финансылык продуктыларды тиешелүү түрдө иштеп чыгып, сунуштоону, өтө карызкорлукту болтурбай коюуну,  айкындуулукту, акылга сыярлык баа бычууну, кардарларга адилеттүү жана сый мамиле кылууну, кардарлардын маалыматтарын купуя сактоону жана арыздарды кароонун туура механизмдерин колдонууну сактагандыгын көрсөтөт.    Read more »

– FINCA Банктын Кант шаарындагы Аманат кассасынын жаңы кеңсесинин салтанаттуу ачылышы өттү

FINCA Банктын Кант шаарындагы Аманат кассасынын жаңы кеңсесинин салтанаттуу ачылышы 12-майда болуп өттү.

 

«Биз дайыма кардарларыбыздын ыңгайлуулугун ойлойбуз жана сиздерге жакын болгудай кылып кеңселерди ачууга умтулабыз», – деп Банк Башкармасынын мүчөсү Кай Ильм бул күнү чогулгандардын алдында сөз сүйлөдү.

 

Канттагы аманат кассасы өзүнүн иштөө убагында жөнөкөй жарандар жана ишкерлер менен бекем кызматташууга жетишти. Бүгүнкү күндө FINCA Банк жеке жана юридикалык жактарга банк кызматтарынын кеңири түрүн сунуштайт, анын ичинде: насыяларды жол-жоболоштуруу, депозиттерди ачуу, алыш-бериш эсептерин ачуу, акча которуулар, акча алмаштыруу, төлөм терминалдарын колдонуу.

Кардарлар үчүн максималдуу түрдө ыңгайлуулукту түзүүгө умтулуу – жаңы  кеңсеге көчүү чечимин кабыл алууга себеп болду, кеңсе кардарлар үчүн ыңгайлуу жерде – Ленин көчөсү, 68де жайгашты. Имарат FINCA Банктын жасалгалоо боюнча жаңы стандарттарына ылайык жабдылды жана жасалгаланды. Бул жерге келгендер меймандостукту жана жогорку сапаттагы тейлөөнү көрө алышат.

 

Белгилей кетчү нерсе, FINCA Банк өз кеңселери жайгашкан бардык жердеги жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүшүн активдүү колдоп келет жана өзүн да анын бөлүгү деп эсептейт.

 

Бүткүл өлкө боюнча FINCA Банкта бардыгы болуп жерине баруучу кассаларды эсептебегенде 73 тейлөө түйүнү бар.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номурларга кайрылыңыздар:

0(312) 440 440 же уюлдук тел.: 4400 (чалуу акысыз), кошумча номур 220;

Уюлдук: 0(772) 333 220.