Компаньон Банкынын Элкарт жана VISA карталарынын ийкемдүү депозити

Компаньон Банкы кардарларга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн дайыма өзүнүн продуктыларын жакшыртууга аракеттенет. Эми Элкарт улуттук картасы жана Visa эл аралык картасы менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөө гана эмес, акча каражаттарын топтоо да мүмкүн.

Элкарт жана Visa карталарынын ийкемдүү депозитинин иштелип чыккан артыкчылыгы-бул каалаган убакта акча алса болот, жана ошол эле убакта  пайыздык киреше алса болот. Бул продукт максималдуу ийкемдүүлүктү камсыз кылат жана кардарга аманат суммасын толуктоо, жылдык 12% чейин алуу жана акча каражаттарын эсептелген пайыздарды жоготпостон алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Эсептин азайтылбаган калдыгы кардардын тандоосу боюнча 10 000 же 20 000 сомду түзөт. Пайыздар бир гана азайтылбаган калдыкка эмес,  ар бир толуктоо суммасына да эсептелет. Мындан тышкары, картага ай сайын капиталдаштыруу каралган.

Ийкемдүү депозити бар Элкарт жана Visa дебет карталары менен коммуналдык кызматтар үчүн төлөө, соода-кызмат ишканаларында жана интернетте (Visa) төлөө, жана CARDEX (Элкарт) аркылуу акча которуу да мүмкүн.

Мындан тышкары, интернет-банкинг кызматы аркылуу өзүңүздүн депозит эсебиңизди алыстан башкара аласыз, жана бул артыкчылыгы продукттун дагы бир ыңгайлуулугу болуп саналат!

Read more »

КРУБ Жумабаев Эркинбек Алтымышевичди  «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы кызматына кабыл алды

ЖУМАБАЕВ ЭРКИНБЕК АЛТЫМЫШЕВИЧ2017 жылдын 17 август күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы Жумабаев Эркинбек Алтымышевичдин талапкерлигин  «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы кызматына дайындоого макул болушту. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

Эркинбек Жумабаев жети жыл бою  «Компаньон Финансылык Тобу» МКК ЖАК Башкармалык Төрагасынын Орун Басары кызматында иштеген. 2016 жылы январда бул уюм «Компаньон Банкы» ЖАК уюмуна ийгиликтүү трансформацияланган. 2005 жылдын июнь айында Компаньон командасына кошулганга чейин Эркинбек Жумабаев 12 жыл бою экономика, каржы жана банктык чөйрөдө иштеген.

Маалымат:  «Компаньон Банкы» ЖАК – 6 млрд сомдон көп активдери жана 1 млрд 616 миң сом уставдык капиталы бар туруктуу банк. Банктын 112 бөлүмдөрүндө 95 миңге жакын кардарларга кызмат көрсөтүлөт. Эл аралык бейөкмөт уюму Кайрымдуулук Корпусу (Mercy Corps), Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана Triodos Investment Management европалык инвестициялык фонддору Банктын акционерлери болуп саналат.

“Айыл Банк” ААКтын Кара-Буура филиалы – айыл чарба жана адистештирилген техниканы лизингге берүү боюнча филиалдардын арасында лидер

“Айыл Банк” ААКтын Кара-Буура филиалы -  айыл чарба жана адистештирилген техниканы лизингге берүү боюнча филиалдардын арасында лидер

Аманбаево айылынын тургуну Таалайбек Жаныбаев 4 300 000 сом турган “АМКОДОР 352” фронталдуу погрузчикти, 7 жылдын ичинде төлөп берүү мөөнөтү менен, 9% менен лизингге сатып алды, ал келечекте Кара-Буура районунда жашаган бүт калкына кызмат көрсөтүүнү пландаштырып жатат.

Лизинг алуучунун сөзү боюнча; “Бул абдан керектүү техника. Бул техника кумду, гравийди самосвалдарга жүктөйт, жерди түздөйт жана көптөгөн башка иштерди аткарат. Көптөгөн заказдар болоруна ишенемин” – деп, ал кошумчалады. Таалайбек Жаныбеков техниканы лизингге биринчи жолу алып жатат, бирок башка насыя продуктылары боюнча Банктын активдүү насыя алуучусу болуп саналат.

 

Read more »

– Компаньон Инвест: Кыргызстанда Исламдык каржылоону өнүктүрүү

Ислам каржылоосу деген эмне жана ал биздин өлкөдө кайсы тармакка тиешелүү? Бул суроону биздин өлкөнүн көп жарандары беришет. Бул суроону чогуу түшүндүрүүгө аракет кылып көрөлү.

Негизи, каржылоонун салттуу концепциясы банктар жана финансылык уюмдар бир гана кредиттик жана акча каражаттары менен иштейт деген маанини билдирет. Ислам каржылоосу, тескерисинче, акчаны сооданын предмети катары кабыл албайт. (өзгөчө учурлардан башка). Акчанын жеке өзүнүн баалуулугу жок, алар алмаштыруунун гана каражаты болуп саналат.

Исламдык каржылоо тармагынын көйгөйлөрү

Келечектеги исламдык каржылоо уюмдары үчүн фундаменталдык теоретикалык жана практикалык негиздер түзүлгөндүгүнө карабастан, исламдык каржылоонун өнүгүүсү үчүн бир нече кайынчылыктар бар: исламдык социалдык-экономикалык мамилелер боюнча (муамалат) түзүлө элек илимий чөйрө, түзүлө элек ченемдик-укук базасы, жана профессионалдуу даярдалган адистердин жетишсиздиги.  

Компаньон Инвест: өнүгүү тарыхы

«Компаньон Инвест» ЧКК ЖЧК 2011 жылы ноябрь айында түзүлгөн. 2012 жылы Компаньон Инвест Мурабаха келишими боюнча биринчи операцияны жүргүзгөн. 2013 жылы ноябрь айында эл аралык «Islamic Microfinance Challenge 2013» жарышмасынын жыйынтыгы боюнча эң жакшы үч финалисттердин бирөөсү болуп тандалган.  2016 жылы Компаньон Инвест Шариаттын стандарттарын киргизгенден кийин, толугу менен исламдык каржылоо уюмдарынын бухгалтердик эсеп жана аудит стандарттарына өткөн.

Быйыл апрель айында «Компаньон Инвест» МКК ЖЧК активдеринин суммасы боюнча германиялык эң чоң банк- Deutsche Bank тан узак мөөнөттүү каржылоо инвестицияларын алып келди. Инвестициялык макулдашууга 2017 жылы 21 апрель күнү кол коюлган жана ал толугу менен Шариат стандарттарына ылайык тузүлгөн. Негизги максат – ислам укугуна ылайык микро каржылоонун продуктыларын жана кызматтарын колдоо. Каражаттар Deutsche Bank тын «Жаңы демилгелердин фонду» долбоорунун чегинде бөлүнгөн. Бул долбоор өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү киреше деңгээли төмөн кардарлар үчүн жеткиликтүү каржылоону сунуштайт.

Компаньон Банкы интернет-банкинг кызматын баштады

Компаньон Банкы жеке кардарлар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн интернет-банкинг кызматын баштады. Эми банктын кардарларынын дистанциялык банктык тейлөөнүн ыңгайлуу, жөнөкөй жана коопсуз ыкмасы бар.

Ыңгайлуу. Интернет-банкинг кардарларга өзүлөрүнүн эсептерин ар дайым башкаруу жана негизги банктык операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет:

– Жүргүзүлгөн банктык төлөмдөр жөнүндө маалымат алуу;

– Насыя карызын төлөө;

– Акча каражаттарын өзүнүн эсептери арасында жана банктын кардарларынын эсептерине акысыз которуу;

– Акча каражаттарын клиринг жана гросс боюнча которуу;

– Валюта алмаштыруу.

Read more »