Жылдык 6% өйдө чени менен Агрокредиттер («Айыл чарбасын каржылоо-7» программасынын алкагында)

«Халык Банк Кыргызстан» ААК «Айыл чарбасын каржылоо-7» программасынын алкагында фермерлерге (дыйкандарга) ыңгайлуу шарттарда агрокредиттерди берет:

Жылдык 6% – «айыл чарба продукциясын кайра  иштетүү» тармагын өнүктүрүү үчүн;

Жылдык 8% – багбанчылыкты өнүктүрүү үчүн, ошондой эле асыл тукум малды сатып

алуу үчүн;

Жылдык 10% – мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү тармагын өнүктүрүү үчүн берилет.

Read more »

«Халык Банк Кыргызстан» ААКнын болүмдөрү аркылуу Казакстандын төлөм карталарын толуктоо

«Халык Банк Кыргызстан» ААК төлөм карталары менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрүн активдүү түрдө өнүктүрүп келе жатат.

Ар кандай иштери менен Кыргызстанда да, Казакстанда да көпкө жүргөн жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн биз кошуна өлкөнүн ири банктары: «Казакстан Эл Банкы» АК жана  «Казкоммерцбанк Казакстан» АК тарабынан чыгарылган төлөм карталарын биздин банктын кассалары аркылуу толуктоо боюнча кызмат көрсөтүүнү ишке киргиздик.

Бул кызмат өз убагында киргизилди, себеби Кыргызстан жана Казакстандын ортосунда тыгыз байланыштар түзүлгөн жана көпчүлүк жарандарда эки өлкөнүн тең төлөм карталары бар.

Read more »

“Оптима Банк” Кыргыз Республикасынын бардык банктарынын VISA карта ээлери үчүн “Моментальные переводы VISA2VISA” кызматы ишке киргенин кабарлайт!

Кыргыз Республикасынын бардык банктарынын VISA карталары менен Сиз КР ичинде башка VISA карталарга акча которо аласыз, а Оптима Банктын төлөө картасынын ээлери башка өлкөлөрдүн карталарына акча которо алышат. Кызматка кошулуу үчүн Оптима Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылыңыз болот. Кызмат аркылуу акча которууларды азыркы убакта Банктын каалаган банкоматтарында орундата аласыздар.

NEW BISHKEK-2018 шаардык демилгелер конкурсу

Дареги: “Кабар” маалымат агенттиги, Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 175
Убактысы:
24-май, 2018-жыл, саат 11.00

Экинчи ирет өткөрүлүп жаткан NEW BISHKEK-2018 шаардык демилгелер конкурсуна арналган пресс-конференцияга каалоочулардын баарын чакырабыз.

Катышуучулар:
Назакат Асланова – “ФИНКА Банк” ЖАКнун төрагасынын орун басары;
Разаматова Рано – Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин аткаруучу директору;
Элнура Калыбаева – Жаштарды өнүктүрүү институтунун аткаруучу директору.

Read more »

Дүйнөлүк акча жумалыгы 2018: Компаньон Банкы каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүздү

Дүйнөлүк акча жумалыгы 2018: Компаньон Банкы каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ишчараларды жүргүздү

Март айынын 12-18-күндөрү , Компаньон Банкы Дүйнөлүк акча жумалыгына (Global Money Week 2018) карата, Кыргызстандын баш калаасында жана аймактарында, 8-11 класстын мектеп окуучуларынын каржылык сабаттулугун жогорулатуу максатында бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Кадамжай, Кербен, Ош, Талас, Токтогул, Токмок, Каинды, Нарын, Кочкор, Балыкчы, Каракол жана Бишкектин мектептеринде лекциялар уюштурулуп, Компаньон Банкынын бөлүмдөрүндө болжолу менен 700 мектеп окуучулары үчүн Ачык эшик күндөрү өткөрүлдү.

Окуучулар банктардын ишинин өзгөчөлүгү, киреше-чыгашаны пландаштыруу, акчаны үнөмдөө  жөнүндө маалымат алышты. Андан тышкары, окуучулар менен банктын адистери интерактивдүү түрдө улуттук валютанын 25-жылдыгына байланыштуу, анын уникалдуулугун талкуулашты.

Read more »