Компаньон Банкы Бишкектин борборунда жаңы филиал ачты

Компаньон Банкы Бишкек шаарында Борбордук филиалдын ачылышы жөнүндө билдирет. Филиал жеке кардарлар жана юридикалык жактар менен иштейт жана аларга банктык кызматтардын көптөгөн  түрлөрүн сунуштайт: эсептик-кассалык тейлөө, валюта алмаштыруу операциялары, акча которуулары, аманаттар, төлөм карталары.

«Биз өзүбүздүн филиалдык тармагыбызды кеңейтүүнү улантып, борбордогу кардарларыбызга дагы жакыныраак жана ыңгайлуураак болуп калдык. Шаардын борборунда жаңы кеңсе ачуу менен, биз тез жана сапаттуу тейлөө үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылдык. Биз сизди жаңы филиалыбызга чакырабыз жана пайдалуу финансылык чечимдерди сунуштаган ишеничтүү компаньон болууга кубанычта болобуз», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Уланбек Термечиков белгиледи.

Компаньон Банкы 2004 жылы негизделгенден бери өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргызстанда кыйла кеңейтти. Банктын филиалдык тармагы өлкөнүн бардык региондоруна жайылып, азыркы күндө 111 бөлүмдөрү бар.

Борбордук филиал Токтогул көчөсү 106/Раззаков  дареги боюнча жайгашкан жана кардарлар үчүн дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин 8.30 дан 17.30 чейин тыныгуусуз иштейт. Толук маалымат үчүн  бул номерлерге чалыңыз: 0312 33 88 00 жана 88 00. Кош келиңиздер!

Read more »

Компаньон Банкы окуучулардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чара өткөрдү

Kompanion - GMW2017Кыргызстанда  Бүткүл Дүйнөлүк Акча Аптасы болуп өттү (Global Money Week). Бул иш-чаранын чегинде Компаньон Банкы интеллектуалдык квест-оюндун спонсору болду, жана Кыргызстандын беш регионунда окуучулар үчүн үйрөтүүчү иш-чараларды өткөрдү.

3 апрелден 10 апрелге чейин Банктын кызматкерлери Бишкектин, Оштун, Караколдун, Исфананын, Ноокендин жана Токтогулдун окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча ачык эшик күндөрүн жана сабактарды өткөрүштү. Жалпы Банктын иш-чараларына 12 мектеп жана 9-11 класстардын 300 жакын окуучулары катышты.   Окуучуларга финансылык уюмдун иши, банктык кызматтары жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле окуучулар адистер менен үнөмдөөнүн жана жеке акча каражаттарын туура башкаруунун маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөшүштү.

Read more »

“Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу” сынагы

Global Money Week 2017Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу алдында жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду менен биргеликте 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелге чейинки мезгил аралыгында өтө турган Дүйнөлүк акча апталыгына (Global money week) катышат.

Апталыктын негизги максаты – финансылык сабаттуулуктун, ийгиликтүү келечек үчүн үй-бүлөнү, мектепти, муниципалитетти жана өлкөнү өнүктүрүүдө экономикалык жана социалдык катышуунун маанилүүлүгү тууралуу жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу. Апталыктын темасы – акчаны топтой билүү – жеке, коомдук акчаны жана ресурстарды жыйноо.

Read more »

“Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла” сүрөттөр улуттук сынагы

global_money_week_logo_2015_black_yellowСынак 2017-жылдын 1-февралынан 10-мартына чейин өтөт.  Сүрөттөр сынагы Дүйнөлүк акча жумалыгы иш-чарасынын алкагында өткөрүлөт. Бул жыл сайын өтүүчү эл аралык иш-чаралар топтомунун негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн жаштардын финансылык сабаттуулугуна буруу. 2017-жылы Дүйнөлүк акча жумалыгы 27-марттан 2-апрелге чейин өтөт. Быйылкы жумалыктын темасы – “Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла”.

Сынактын уюштуруучусу – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк акча жумалыгын (Global Money Week – 2017) өткөрүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Уюштуруучулар). Ошол топтун курамына Өнүктүрүү саясат институту, Окутуу демилгелерди колдоо фонду, “Кыргызстандагы банктардын бирлиги” ЮЖБ, “Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы” ЮЖБ, “Кредиттик маалыматты колдонуучулардын ассоциациясы” ЮЖБ, Эл аралык кызматташтык Германиялык коому (GIZ), Эл аралык финансылык корпорация (IFC), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, “Финка Банк” ЖАК, “Бай-Түшүм Банкы” ЖАК, “КБ Кыргыхстан” ААК, “Росинбанк” ААК, “Айыл Банк” ААК, “Чанг Ан инвестициялык банкы” ААК, “Евразиялык сактык банк” ААК, “Халык Банк Кыргызстан” ААК, “Дос-Кредобанк” ААК, “Сенти” Финансылык компаниясы жана башкалар киришет.

Read more »

Мамлекеттик Ипотекалык Компания жана Бакай Банкы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту

2017-жылдын 2-февралында  “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционеридик коому (МИК) Башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович, “Бакай Банкы” ачык акционердик коомунун (Бакай Банкы)  Башкармасынын төрагасы  Уманкулов Аалы Болотович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын (мындан ары Программа) жүзөгө ашыруунун чегинде кызматташуу тууралуу Генералдык келишимге кол коюшту.

Бактыбек Шамкеев бул иш-чаранын олуттуулугун, өнөктөш банктардын катарынын өсүшү Программанын катышуучулары үчүн ынгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи. “Бакай Банкы” бүгүн МИКтин 12- өнөктөш банкы катары эсептелет. Бул республикабызда ипотекалык насыялоо ишинин алга натыйжалуу жылышына өбөлгөлөрдүн бири болот деди МИК төрагасы. Программанын алкагында бүгүнкү күнгө карата 800гө жакын ипотекалык насыя берилип, жалпы суммасы 900 млн. сомдон ашты. “Бакай Банкы” турак жай  ипотекалык программасын жүзөгө ашырууда биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз катары ишин ийгиликтүү улантарына ишенебиз.

Read more »