“Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программанын алкагында ипотека насыялардын берилиши төрт кадамдан турат. Мындай маалыматты Мамлекеттик Ипотека Компаниясы берип жатат.
Биринчи этапта жарандар, Өкмөттүн токтому менен бекитилген тандоонун критерийлери боюнча жашоо шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын тизмесине кирүү үчүн, жашаган жериндеги жергиликтүү мамлекеттик акимдикке кайрылышы керек. Квотаны мындан ары аймактар боюнча бөлүштүрүү үчүн, түзүлгөн тизме Мекемелер аралык комиссияга берилет, жана андан кийин гана жарандардын тизмеси шериктеш-банктарга берилет. Банктар текшергенден кийин, зайымчы, жеткиликтүү турак жайдын бекитилген стандарттарына ылайык, өзүнүн караштыруусу боюнча турак жайды тандайт. Шериктеш-банк канааттандыруу жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин зайымчы алгачкы төгүмдү төлөйт жана ипотека насыясын алат.