Компаньон “Үнөмдөө жумасы” долбоорунун жыйынтыгын чыгарып жатат

Октябрь айы боюнча, ошондой эле ноябрдын биринчи жарымында  Кыргызстан боюнча Компаньон Банкынын 100 дөн көп бөлүмдөрүндө 9-11 класс окуучулары үчүн ачык эшик Күндөрү өттү.

Компаньондун кызматкерлери жаштарга үнөмдөөнүн жана чөнтөк чыгашаларын туура пландоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Мектеп окуучулары менен маек интерактивдүү түрдө өткөрүлдү: балдар депозиттер боюнча кирешени өз алдынча эсептешти, ар кайсы өлкөлөрдүн валюталары тууралуу суроолорго жооп беришти, жана күнүмдүк акчаны үнөмдөө үчүн жөнөкөй мисалдарды келтиришти.

Read more »

Улуттук банк “2016-2020 жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасын ишке ашыруу кадамдары, учурдагы абалы» темасында тегерек стол өткөрдү

2016-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын демилгеси менен “2016-2020жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасын ишке ашыруу кадамдары, учурдагы абалы» темасындагы тегерек стол өттү. 2016-2020жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасы жана анын биринчи бөлүгүн ишке ашыруу Планы 2016-жылдын 15-июнунда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн № 319 токтому менен кабыл алынган. 

Тегерек столго Программаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик ишканалардын, жергиликтүү жана эл аралык уюмдардынөкүлдөрү катышышты. 

Read more »

FINCA Банк “Коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн” сыйлыгына ээ болду

amchamkaiЖакын арада Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн ар бир жылда ишке ашырылуучу жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуунун алкагында жетишкен ийгиликтери жана жасаган эмгектери үчүн жети номинация боюнча: “Инновация жана технологияда жетишкен ийгиликтери үчүн”, “Жылдын мыктысы”, “Коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн”, “Жылдын өнөктөшү”, “Жылдын жетекчиси”, “Жылдын ишкери”, “Мыкты иш берүүчү”  сыйлыктарын тапшыруу салтанаты өткөрүлдү.

Read more »

Компаньон Банкы– эл аралык «Хан Манас» турниринин туруктуу өнөктөшү

img_1082

8 жетинин айы 2016
Компаньон Банкы жетинчи жыл катары менен жаштар арасындагы дзюдо боюнча «Хан Манас» эл аралык турнирин колдоп келе жатат. Турнир 2010 жылдан бери кошуна өлкөлөрдүн командаларынын катышуусу менен өткөрүлөт жана бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы эң маанилүү спорт иш чараларынын бири болуп саналат. Турнирдин негизги идеясы – бул жаш муундарга идеялогиялык тарбия берүү жана аларда туура баалуулуктардын көрсөткүчтөрүн калыптандыруу.

– КРУБ Мамлекеттик Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги менен биргеликте ишкерлерди POS-терминалдарды орнотуу боюнча мониторинг жасады

Улуттук банк Мамлекеттик Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги менен биргеликте жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды POS-терминалдарды орнотуу боюнча мониторинг жасады  

2016-жылдын 2-ноябрында Мамлекеттик Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын адистери биргеликте жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндөгү» 2016-жылдын 23-декабрындагы токтомунун аткарылышын текшерүү максатында мониторинг жүргүзүштү. Соода жана кызмат көрсөтүү тармагында иштеп жаткан ишкерлердин орун алган аймактык өзгөчөлүктөрүнө карата, белгиленген мөөнөттөргө ылайык, соода түйүндөрү жана соода кеңселери РOS-терминалдар менен жабдылып, банктык төлөм карта ээлерин тейлөөгө даяр болушу шартталат.  

Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, ар бир сатып алуучу накталай же нак эмес түрдө төлөм жүргүзүү укугуна ээ болгондуктан, сатуучу алардын бул укугунан ажырата албастыгына байланыштуу кабыл алынган. Токтомдо кээ бир ишмердүүлүктөрдүн тизмеси көрсөтүлгөн, ага ылайык жеке жана юридикалык жактар өзүнүн ишмердүүлүгүн ишке ашырган иш чөйрөсүндө банктык төлөм карталарын колдонуу менен төлөм жүргүзүүчү жабдууларды өз убагында орнотушу керек.  

Бул тизмеге 50 чарчы метрден ашпаган соода түйүндөрүнөн башка бардык соода-сатык объектилери туура келет. Мындан сырткары, кызмат көрсөтүү чөйрөөсүндө иш алып барган мекемелер дагы, өзүнүн кардарларына нак эмес эсептешүүгө шарт түзүп берүүсү керек. Алардын катарына коомдук тамактануучу жайлар, дарыкана, медициналык борбор, авто унааларга май куюучу жайлар, сулуулук салондору, мейманканалар жана башка ишкердиктин түрлөрү кирет. Жалпысынан 21 ишкердиктин түрү камтылган. Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтомунун аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн негизинде, бир катар соода-сатык мекемелери, коомдук тамактануучу жайлар жана дарыканалар тандалып алынган.  

Мониторингдин жыйынтыгында, тандалып алынган 10 жеке жана юридикалык ишмердүүлүктүн төртөөсү гана банктык төлөм карточкалар аркылуу соода жүргүзүү каралган POS-терминалдар менен жабдылгандыгы белгилүү болду. Ушуга жараша Мамлекеттик Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги тийиштүү жазма буйрук жиберет.  

Улуттук банк соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларында жана өзүнүн филиалдарында POS-терминалдарды орнотууну коммерциялык банктар жүргүзөрүн жана алар менчик ээси болуп саналарын белгилейт. 

Аны менен бирге, POS-терминалдарды орнотуудагы чыгымдарды, адистерди окутууну, жетекчилик көрсөтмө берүүчү материалдарды кабыл алууда соода түйүнү эч кандай чыгымдарга учурабайт. Бардык чыгымдарды адатта банк өз мойнуна алат. Соода-сервистик жай коммерциялык банк менен келишим түзүүдө комиссиялык сый акыны келишимдик баада төлөп берет. Ошондой эле соода-сервистик жайлар коммерциялык банктар менен сүйлөшүп, төмөнкү тарифте кызмат көрсөтүү үчүн менчик жабдуу сатып алуу варианты дагы каралат.