Компаньон Банкы Бишкек шаарында Борбордук филиалдын ачылышы жөнүндө билдирет. Филиал жеке кардарлар жана юридикалык жактар менен иштейт жана аларга банктык кызматтардын көптөгөн түрлөрүн сунуштайт: эсептик-кассалык тейлөө, валюта алмаштыруу операциялары, акча которуулары, аманаттар, төлөм карталары.
«Биз өзүбүздүн филиалдык тармагыбызды кеңейтүүнү улантып, борбордогу кардарларыбызга дагы жакыныраак жана ыңгайлуураак болуп калдык. Шаардын борборунда жаңы кеңсе ачуу менен, биз тез жана сапаттуу тейлөө үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылдык. Биз сизди жаңы филиалыбызга чакырабыз жана пайдалуу финансылык чечимдерди сунуштаган ишеничтүү компаньон болууга кубанычта болобуз», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Уланбек Термечиков белгиледи.
Компаньон Банкы 2004 жылы негизделгенден бери өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргызстанда кыйла кеңейтти. Банктын филиалдык тармагы өлкөнүн бардык региондоруна жайылып, азыркы күндө 111 бөлүмдөрү бар.
Борбордук филиал Токтогул көчөсү 106/Раззаков дареги боюнча жайгашкан жана кардарлар үчүн дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин 8.30 дан 17.30 чейин тыныгуусуз иштейт. Толук маалымат үчүн бул номерлерге чалыңыз: 0312 33 88 00 жана 88 00. Кош келиңиздер!











Кыргызстанда Бүткүл Дүйнөлүк Акча Аптасы болуп өттү (Global Money Week). Бул иш-чаранын чегинде Компаньон Банкы интеллектуалдык квест-оюндун спонсору болду, жана Кыргызстандын беш регионунда окуучулар үчүн үйрөтүүчү иш-чараларды өткөрдү.
Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу алдында жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду менен биргеликте 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелге чейинки мезгил аралыгында өтө турган Дүйнөлүк акча апталыгына (Global money week) катышат.