• Состоялся первый круглый стол на тему: «Разработка и реализация программ обучения ответственному банковскому делу в Центральной Азии».

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын жаңы төрайымы болуп Алия Чыныбаева дайындалды

Директорлор Кеңешинин чечими менен «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын төрайымынын кызмат ордуна Алия Толюгеновна Чыныбаева 2021-жылдын январынан тартып дайындалды.

Жамаатка жаңы жетекчини Банктын Директорлор Кеңешинин Төрайымы Жаннат Сагындыковна Сатубалдина тааныштырды. Бул тууралуу Банктын пресс-кызматы билдирет.

Алия Чыныбаева Казахстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Россиянын банктык чөйрөлөрүндө 25 жылдан ашык иштеген тажрыйбасы бар. Ошондой эле, ар кайсы убакта ар кандай финансылык уюмдардын Директорлор Кеңешинин курамына кирүү менен корпоративдик башкарууда абдан бай тажрыйбага ээ.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалганга чейин Алия Толюгеновна Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Башкы Директор катары Visa эл аралык  компаниясында иштеген.

Башкармалыктын жаңы төрайымынын өмүр баяны менен ушул шилтеме боюнча кененирээк таанышсаңыздар болот.

Read more »