• Союз банков Кыргызстана при поддержке IFC, открыл Академию устойчивого развития

Компаньон Банкы анестезиология жана реаниматология кафедрасына техникалык жабдууларды жардам катары тапшырды

Бул жылы, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын анестезиология жана реаниматология кафедрасы 45 жылдык мааракесин белгилеп жатат! Башкармалыктын Төрагасы Жумабаев Эркинбек Алтымышевич, Компаньон Банкынын атынан, медициналык мекемеге абдан зарыл болгон проектор жана экранды белек катары тапшырды.

«Учурда бизде көптөгөн жаш анестезиолог дарыгерлер билим алууда. Ушул күнгө чейин, электрондук түрдө окутуу учурунда, биз СССР убагындагы, кочкул кызыл көрсөткөн эски проекторду колдонуп келген элек. Ал эми жаңы жабдууларды пайдалануу менен биз окуу процессин бир топ жакшырта алабыз, деп ишенем. Мындай пайдалуу белек үчүн Компаньон Банкына чоң ыраазычылык билдиребиз,» – деди кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Молдоташева Айке Кенжеевна.

Read more »