• Состоялся первый круглый стол на тему: «Разработка и реализация программ обучения ответственному банковскому делу в Центральной Азии».

2017 жылдын 25 октябрында Компаньон Банкы жылдык 12-Алма фестивалын ийгиликтүү өткөрдү.

Иш-чара Баткен областынын Лейлек районунун Искра айылында айыл өкмөттөрүнүн активдүү колдоосу менен өттү. Бул иш-чаранын жардамы менен фермерлер миңге жакын тонна алма сата алышты.

Фестивалдын ачылышына  областтык жана райондук администрациялардын, Сүлүктү шаарынын мериясынын өкүлдөрү, жана Таджикистандан келген расмий делегация катышышты.  Меймандар бул иш-чаранын Кыргызстандын фермерлери үчүн маанилүү экендигин белгилеп, тажик кайра иштетүүчүлөр алма сатып алууга кызыкдар экендигин да билдиришти. Ошентип, фестиваль эл аралык иш-чара болуп калды. Баткен областынын  Мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров Компаньон Банкына Кыргызстандын айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жергиликтүү жашоочулар белгилеп кеткендей, Компаньон Банкы экономикалык пайдадан тышкары, аларга чыныгы майрам уюштурушту: кызыктуу концерттик программа чоңдорго жана балдарга абдан жакты. Манас орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган музыкалык аткаруулардан башка, фестивалдын меймандары көргөзмө-жармаңке болду. Көргөзмөдө 12 алма сорттору көргөзүлдү жана ар кандай мөмө жемиш тамактарынын дегустациясы болду.

Read more »

Компаньон Банкы насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөттү

Компаньон Банкы 2017-жылдын 16 октябрынан баштап, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөттү. Жаңы шарттар боюнча, кардарлар пайдалуу пайыздык чен боюнча 300 миң сомго чейин бизнес-насыя ала алышат. Банкта бул сунуш ушул жылдын аягына чейин гана жарактуу деп белгилеп кетишти.

«Чакан жана орто бизнести насыялоо – банктын негизги иш багыттарынын бири болуп саналат. Биз пайдалуу шарттарды жана ийкемдүү төлөм графигин сунуштап, ар бир ишкерге жеке мамиле кылабыз. Биз үчүн биздин кардарлар үчүн дайыма ишенимдүү жана ыңгайлуу каржы өнөктөшү болуп калуу маанилүү», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Эркинбек Жумабаев белгиледи.

Бул акциянын чегинде топтук насыялар боюнча да өзгөчө шарттар каралган: топ түзүү учурунда жаңы кардарларга жана топко жаңы катышуучу алып келген кайталануучу кардарларга насыялар кошумча пайызсыз берилет. Топтук насыянын суммасы 12 миң сомдон 1,5 млн сомго чейин болушу мүмкүн.

Read more »

Гүлнара Шамшиева «Бай Түшүм» Банкынын Директорлор Кеңешинин Советниги кызматына өттү 

23- октябрда  Гүлнара Шамшиева «Бай Түшүм» Банкынын Директорлор Кеңешинин Советниги кызматына өттү. Ал «Бай Түшүм» Банкын 17 жылдан бери жетектеп келди. Бул мезгил аралыгында «Бай Түшүм» Гүлнара Шамшиеванын жетекчилиги алдында финансылык фонддон жана депозиттерди тартуу боюнча лицензиясы бар микрофинансылык компаниядан банктык толук лицензиясына ээ болгон универсалдуу Банкка чейинки өнүгүүнүн жолун басып өттү. «Бай Түшүм» бүгүнкү күндө банктык сектордо насыялык куржуну жана активдери боюнча 9-орунду, уставдык капиталы боюнча 10-орунду орунду ээлеп турат жана бүткүл өлкөбүз боюнча 105 миңден ашуун кардарларга финансылык тейлөөнүн толук спектерин сунуштап келүүдө.

Банктын Башкармалыгынын Төрайымынын милдетин аткаруучу болуп Нургүл Төрөбаева дайындалды. Нургүл Төрөбаева «Бай Түшүм» Банкында 12 жылдан бери эмгектенет, бул жылдардын 7 жылы аралыгында Банктын Башкармалыгынын Төрайымынын орун басары кызматында үзүрлүү иш алып барган. Ал казыналык, операциялык башкармалык, маалымат технологиялары башкармалыгы, методология башкармалыгы жана банктын коопсуздук кызматы тармактарын жетектеп келди. Банк ишинде жана микрофинансылоо тармагында 17 жылдан ашуун тажрыйбага ээ.

 

Read more »

2017-жылдын 25 октябрь күнү 12-Алма фестивалы өткөрүлөт

Компаньон Банкы 2017-жылы 25 октябрь күнү Баткен областынын Лейлек районунун Искра айылында өткөрүлүүчү 12- Алма фестивалына чакырат.Фестиваль биринчи жолу 2006-жылы Ысык-көлдүн жээгинде  өткөрүлгөн жана андан бери ал жакшы салт жана биздин өлкөнүн дыйкандары үчүн эффективдүү экономикалык аянтча болуп калды.

«Алма фестивалы биздин өлкөнүн бардык аймактарындагы коомчулуктардын потенциалын өнүктүрүүгө жардам берет. Былтыр биз Алма фестивалын  Кадамжай районунда өткөрүп багбандарга 1500 тоннадан көп алма сатууга жардам бергенбиз. Мындан тышкары, ал иш-чарага бир гана Баткен областынын дыйыкандары жана жашоочулары эмес, Франция жана Өзбекистандан да делегациялар келишкен. Быйыл да ийгиликтүү иш-чараны уюштурууну пландайбыз», – деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Эркинбек Жумабаев белгилей кетти.

Read more »

Компаньон Банкынын Элкарт жана VISA карталарынын ийкемдүү депозити

Компаньон Банкы кардарларга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн дайыма өзүнүн продуктыларын жакшыртууга аракеттенет. Эми Элкарт улуттук картасы жана Visa эл аралык картасы менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөө гана эмес, акча каражаттарын топтоо да мүмкүн.

Элкарт жана Visa карталарынын ийкемдүү депозитинин иштелип чыккан артыкчылыгы-бул каалаган убакта акча алса болот, жана ошол эле убакта  пайыздык киреше алса болот. Бул продукт максималдуу ийкемдүүлүктү камсыз кылат жана кардарга аманат суммасын толуктоо, жылдык 12% чейин алуу жана акча каражаттарын эсептелген пайыздарды жоготпостон алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Эсептин азайтылбаган калдыгы кардардын тандоосу боюнча 10 000 же 20 000 сомду түзөт. Пайыздар бир гана азайтылбаган калдыкка эмес,  ар бир толуктоо суммасына да эсептелет. Мындан тышкары, картага ай сайын капиталдаштыруу каралган.

Ийкемдүү депозити бар Элкарт жана Visa дебет карталары менен коммуналдык кызматтар үчүн төлөө, соода-кызмат ишканаларында жана интернетте (Visa) төлөө, жана CARDEX (Элкарт) аркылуу акча которуу да мүмкүн.

Мындан тышкары, интернет-банкинг кызматы аркылуу өзүңүздүн депозит эсебиңизди алыстан башкара аласыз, жана бул артыкчылыгы продукттун дагы бир ыңгайлуулугу болуп саналат!

Read more »